Адылбек Касымалиев Санкт-Петербургда өзү окуган университетте лекция окуду

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Россия Федерациясына болгон жумуш сапарынын алкагында, Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинде «Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктери жана кыргыз-орус мамилелеринин учурдагы өнүгүүсү» темасында мейман лекция окуду.

Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев бул жогорку окуу жайы менен анын өмүрүндө жана кесиптик калыптануусунда маанилүү баракчалар байланышканын белгиледи.

«Кырк беш жыл мурун дал ушул аудиторияларда менин экономикалык процесстерди, мамлекеттик башкаруунун ролун жана эл аралык кызматташуунун маанисин түшүнүүм калыптанган»– деди ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери менен жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалына жана келечегине кеңири токтолду.

Сөзүнүн акырында Министрлер Кабинетинин Төрагасы студенттерге кайрылып, алар алган билим жөн гана кесиптик карьеранын негизи эмес, мамлекеттердин, коомдордун жана бүткүл евразиялык мейкиндиктин келечегин калыптандырарын белгиледи.

«Силерге, келечектеги мамлекеттик кызматкерлерге, башкаруучуларга, экономисттерге мамлекеттерибиздин өнүгүүсү, экономиканын натыйжалуулугу жана жарандардын бакубаттыгы көз каранды болгон чечимдерди кабыл алууга туура келет» – деди ал.

Белгилей кетсек, лекциянын алдында Адылбек Касымалиевге Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинин Ардактуу доктору наамы тапшырылып, Министрлер Кабинетинин Төрагасы университет жетекчилигине жана Окумуштуулар кеңешине ыраазычылык билдирди.

Маалымат үчүн: Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 1984-жылы Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетин экономист адистиги боюнча аяктаган.

Связанный пост