Президент Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо добуш берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берди.

Мамлекет башчысы жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Бишкектеги №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Белгилей кетсек, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого 24 талапкер катышууда.

Связанный пост