Президент Садыр Жапаров Цзинань шаарында Шаньдун провинциясынын Парткомунун Катчысы Линь У менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-майда, Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Цзинань шаарында Шаньдун провинциясынын Парткомунун Катчысы Линь У менен жолугушту.

Аймактар аралык кызматташтык боюнча пикир алмашуу болду.

Шаньдун провинциясынын Парткомунун Катчысы Линь У кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүгө көңүл бургандыгы үчүн Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

Ал акыркы жылдары эки мамлекет лидерлеринин жетекчилиги астында эки тараптуу мамилелер тынымсыз тереңдеп баратканын айтып, Кытай Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөш болгонун, болуп келгенин жана болоорун баса белгиледи.

Шаньдун провинциясынын Парткомунун Катчысы КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен болуп өткөн жолугушуу – эки өлкөнүн эки тараптуу кызматташтыгынын жаңы барагын сөзсүз ачарын баса белгиледи.

«Кыргызстан менен Шаньдун провинциясы түрдүү тармактарда байланыштарды тереңдетип жатат. Кыргыз Республикасы өткөн жылдан бери автобустарды сатып алуу долбоору боюнча “Zhongtong Bus Holding Co., Ltd” заводу менен кызматташып келет. Бул эки өлкөнүн практикалык кызматташтыгынын үлгүсү болуп калды», – деди ал, ошону менен бирге кытайлык компанияга ишеними үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, Линь У кыргыз тарап менен биргеликте өкмөттөр аралык байланыштарды активдештирип, соода-экономикалык долбоорлорду илгерилетүүгө жана түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты ишке ашырууга даяр экендигин тастыктады.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде байыркы Кытайдын улуу ойчулу Конфуцийдин кичи мекенине, Кытайдын турмушунда маанилүү ролду ойногон, маданий жана тарыхый бай мурастарга ээ Шаньдун провинциясына келгенине кубанычта экенин белгиледи.

Ал Шаньдун провинциясы Кытайдын Борбор Азия чөлкөмү менен өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын жана ушул жылдын февраль айында Шаньдун провинциясынын Циндао шаарында “Борбор Азия-Кытай” өнөр жай жана инвестициялык кызматташуу боюнча 1-форумунун ийгиликтүү өтүшүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысы белгилегендей, «Борбор Азия-Кытай» форматы регионалдык жана глобалдык маанидеги маселелер боюнча жалпы күч-аракеттерди консолидациялоонун, ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн натыйжалуу куралына айланууда.

Садыр Жапаров кошумчалагандай, Циндао шаарында Регионалдык соода-экономикалык кызматташтык үчүн Демонстрациялык аймактын түзүлүшү КР менен КЭР ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык өнүгүүнү өнүктүрүүгө кошумча түрткү берет.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Шаньдун провинциясынын ортосундагы кызматташтык кыйла динамикалуу өнүгүп жатат деп эсептейт.

Президент 2021-жылдын декабрь айында Бишкек менен Циндао шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелер түзүлгөнүн билдирди. Мындан тышкары Токмок менен Цзинин, Нарын жана Ляочэн шаарларынын ортосунда достук кызматташтык мамилелер түзүлдү.

«Жакында Кыргызстанга Шаньдун провинциясынын делегациясы келип, анын жыйынтыгында Чүй облусу менен Шаньдун провинциясынын ортосундагы алмашууну жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча Меморандумга кол коюлду. Биз аймактар ​​аралык кызматташуунун мындай активдешүүсүн кубаттайбыз», – деген Садыр Жапаров кытай тараптын маалыматы боюнча 2022-жылы Кыргызстандын Шаньдун провинциясы менен товар жүгүртүүсү 290 млн АКШ долларын түзгөнүн кошумчалады.

Ошону менен бирге Президент Кыргызстан менен Шаньдун провинциясынын ортосундагы товар жүгүртүүнү эки же андан көп эсеге көбөйтүү үчүн бардык зарыл болгон аракеттерди көрүүнү сунуштады.

Садыр Жапаров ошондой эле маданий-гуманитардык, туризм, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, абдан маанилүү жана суроо-талапка ээ долбоорго – “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушуна өзгөчө көңүл бурду.

«Жол аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана Борбор Азиянын транзиттик жана транспорттук потенциалын жогорулатууга салым кошот. Транспорт системасын өркүндөтүү эл аралык транзиттик жүк ташуулардын кошумча көлөмүн тартууга, ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүнө өбөлгө түзөт деп эсептейм», — деди Садыр Жапаров.

Ошону менен бирге ал кыргыз ишканалары Түштүк Кореядан Кыргызстанга Циндао порту аркылуу товарларды жөнөтүүдө туш болгон көйгөйлөргө көңүл бурдуртту. Президент белгилегендей, жүк 3-4 айга чейин кечигип жаткан учурлар бар. Мына ушуга байланыштуу ал Шаньдун провинциясынын Парткомунун Катчысына бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранды.

Сөзүн жыйынтыктап, Садыр Жапаров кыргыз тараптын Кытай менен ар тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууга даярдыгын баса белгилеп, Линь Уну Кыргызстанга ыңгайлуу болгон убакта келип кетүүгө чакырды.

Связанный пост