Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдиги биргелешкен документке кол койду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” экинчи экономикалык форумуна катышуу үчүн Алматы шаарына (Казакстан Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында Европа комиссиясынын Аткаруучу вице-президенти, Европанын транспорт боюнча комиссары Валдис Домбровскис менен жолукту.

Жолугушууда тараптар соода-экономикалык кызматташуу боюнча эки тарапты кызыктырган маселелер сүйлөшүлдү. МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Европа Биримдиги менен кызматташуу Кыргызстан үчүн приоритет экенин билдирди.

“Кыргызстан менен Европа Биримдиктин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштар өнүгүп жаткандыгы кубандырат. Евробиримдик биздин маанилүү соода-экономикалык өнөктөшүбүз жана негизги инвесторлордун бири”, – деди ал.

Өз кезегинде Европа комиссиясынын Аткаруучу вице-президенти, Европанын транспорт боюнча комиссары Валдис Домбровскис акыркы жылдары өз ара соода жүгүртүүдө жогорку көрсөткүч байкалганын айтып, мындай өсүүгө карай жылган тармактар боюнча ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунуну соңунда Европа Биримдиги тарабынан каржылана турган “Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика программасы” алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Европа Биримдигинин ортосунда биргелешкен документке кол койду.

Связанный пост