Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-мартта, Кыргызстанга иш сапары менен келген Сауд Арабия Падышалыгынын Тышкы иштер министринин орун басары Валид Аль-Хурейжини кабыл алды. Анда өз ара кызыкчылык туудурган ар кандай чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы Сауд Арабия Падышалыгы менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоого […]Читать далее
“Жаш лидерлер” программасы жана “Өкмөттүк акселераторлор” реформасынын экинчи этабы өз
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Министрлер Кабинетинин атаандаштык жана билим алмашуу боюнча министринин орун басары Абдулла Насер Лута жетектеген БАЭ делегациясынын катышуусу менен өнөктөш өлкөлөр менен тышкы экономикалык кызматташтыктын алкагында реформаларды даярдоо боюнча комитеттин отурумуна катышты. Минкаб башчысы “Кыргыз Республикасынын Жаш лидерлери 2024” программасы натыйжалуулугун жана мааанилүүлүгүн […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-мартта, өлкөнүн массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. Жабык форматта өткөн жолугушуу бир катар жетекчилердин демилгеси менен эң актуалдуу темаларды талкуулоо максатында уюштурулган. Иш-чарага басма сөз, телеканалдар, маалымат агенттиктери жана жаңылыктар порталдары сыяктуу ар кандай медиа-секторлорунун 40тан ашык өкүлдөрү катышты. Президент менен ММК жетекчилеринин ортосундагы баарлашуу эки сааттан ашык […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «2021-жылдын 9-июнунда Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы маданий борборлорду уюштуруу жана алардын иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын […]Читать далее
«Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө» Мыйзамга
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамда төмөнкү милдеттерди ишке ашыруу каралган: – баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө […]Читать далее
“Жогорку кесиптик билим берүү системасында өсүү өнүгүү точкалары – өзгөчө статуска ээ 5 университет болуп саналат. Академиялык жана финансылык эркиндикти колдонуунун уникалдуу мүмкүнчүлүгү биринчи натыйжаларын берип жатат”, – деди билдирди Догдуркүл Кендирбаева министрликтин коллегиялык жыйналышында. Анын айтымында, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин бюджети 1 миллиард сомго чейин өсүп, И.Ахунбаев […]Читать далее
Акылбек Жапаров: Кыргызстан узак мөөнөттүү стратегияларды иштеп чыгууда БАЭ тажрыйбасын
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын 2-этабынын башталышына байланыштуу Кыргызстанга келишкен, Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Министрлер Кабинетинин атаандаштык жана билим алмашуу боюнча министринин орун басары Абдулло Нассер Лута баштаган делегация менен жолугушту. Жолугушууда Минкаб башчысы, БАЭ менен биргеликте Кыргызстанда өкмөттүк акселераторлор программасын ишке киргизгенине туура бир жыл болгонун, өзгөчө […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Чек талап кылып – байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабынын жеңүүчүлөрүнө электр унааларынын ачкычтарын жана чет өлкөгө жолдомолорду тапшырды. Лотерея Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жарандарды кассалык дүмүрчөктөрдү талап кылууга үндөө жана калктын салык боюнча сабаттуулугун […]Читать далее
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн министрликтин коллегиялык жыйналышында 2024-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим тармагын өнүктүрүүнүн 7 приоритеттүү багыты менен тааныштырды. 1-багыт: Мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүү. Максат: 2024-жылы мектепке чейинки билим берүү менен 40% камтуу. 2-багыт: Мектептик билим берүүнүн, анын ичинде окуу китептерин басып чыгаруунун сапатын […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Ай айылына 75 орундуу бала бакча куруу планладууда. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай жарандык курулуш департаментинин Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. Бала бакчанын курулушунун сметалык баасы 83 млн 341 миң сомду түзөт, сынакка катышууга арыз […]Читать далее