Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча “Мамлекеттик акселераторлор” программасынын алкагында Ош шаарында иш алып барып жаткан жумушчу топ менен жыйын өткөрдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында балдарды бала бакчага камтууну жогорулатуу үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленип, Ош шаарынын аймагында үй тибиндеги […]Читать далее
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май рыногундагы баанын абалы туруктуу. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. 14-мартка карата республика боюнча, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 62,1 сом/литр, дизель майы 70,6 сом/литрди түздү. Белгилей кетсек, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу арзан. Үстүбүздөгү жылдын 14-мартына карата ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде күйүүчү-майлоочу майлардын орточо салыштырма баасы, сом/л. (Улуттук банктын […]Читать далее
«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында иш алып барууда. Анда, ишкананын жума сайын өткөрүлүүчү ички комиссиясынын чечиминин негизинде жол эрежесин одоно бузган коомдук транспорттун 5 айдоочусу жумуштан четтетилип, 18 айдоочу 100% сый акысынан ажыратылды. Буга чейин жол эрежелерин одоно бузган 5 айдоочу жумуштан четтетилип, 3 айдоочу сый акысынан […]Читать далее
Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиевдин төрагалыгы астында отчеттук жыйын өтүп, анда облустагы эки айлык иштин жыйынтыгы каралды. Өкүлчүлүктөн билдиришкенждей, жыйынга Чүй облусунун райондорунун акимдери, шаар мэрлери жана айыл аймактарынын башчылары катышты. Кеңешмеде административдик – аймактык реформанын жыйынтыктары, 2024-жылдын алгачкы эки айында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, ошондой эле КР президентинин Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн […]Читать далее
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин реконструкция иштери менен жеринде таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министр аткарылып жаткан иштерге күбө болуп, 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине өз убагында кирүү үчүн ГЭСтердеги гидроагрегаттарды реконструкциялоо иштерин өз убагында бүткөрүүнү тапшырды. Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСте реконструкция иштеринин аткарылышы: объекттин машина залында турбиналык вал менен суу-барасын жупташтыруу; ГА-1 муздатуу […]Читать далее
Кыргызстан 0,701 көрсөткүч менен БУУнун Адамзат өнүгүү индекси боюнча жогору өнүккөн өлкөлөрдүн тобуна кирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн Facebook`тагы баракчасына жазды. Анын айтымында, кечээ, 13-мартта БУУ Адамзат өнүгүү индексинин жаңыланган маалыматтары жарыяланды. Анда Кыргызстан 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 193 өлкөнүн ичинен 117 көрсөткүчкө чыкты. “Бирок эң негизгиси, 0,701 упай (мурда 0,692 болчу) […]Читать далее
Муниципалдык инспекция күн сайын көрктөндүрүү эрежелерин сактоо жана таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштоо фактысы боюнча рейддик иш-чараларды күчөтүүдө. 2024-жылдын 11-мартына карата жалпы суммасы 700 000 сомду түзгөн 59 протокол түзүлгөн. Баардык тартип бузгандарга таштандыларды белгиленбеген жерлерге ыргытпоо, автоунааларды жашыл аянтка токтотуу жана Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Борбор калаада мыйзам бузуулардын саны боюнча […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев күн мурун Чүй облусунун аймагын кыдырды. Ведомстводон билдиришкендей, министр иш сапарынын алкагында бош жаткан кайрак жерлерди тамчылатып сугаруу ыкмасы менен иштетүү, жүзүм, мөмө жемиш бактарын тигүү боюнча алдыда аткарыла турган иштер менен таанышты. Коюлган талап, пландарга ылайык быйылкы жылы Кемин районунун Чым-Коргон айылынды […]Читать далее
Мурдагы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри (учурдагы аталышы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги — ред.) Эркинбек Чодуев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында КРнын мурдагы […]Читать далее
2024-жылдын январь-февраль айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бюджеттерине 54,1 млн сом каржыланган. Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен: теңдөөчү трансферттер – 39,1 млн сом; электр энергиясына болгон 50% компенсацияга – 9,8 млн сом; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 5,2 млн сом каржыланган.Читать далее