Борбор калаада жол эрежесин одоно бузган коомдук транспорттун беш айдоочусу иштен алынды

 Борбор калаада жол эрежесин одоно бузган коомдук транспорттун беш айдоочусу иштен алынды

«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында иш алып барууда.
Анда, ишкананын жума сайын өткөрүлүүчү ички комиссиясынын чечиминин негизинде жол эрежесин одоно бузган коомдук транспорттун 5 айдоочусу жумуштан четтетилип, 18 айдоочу 100% сый акысынан ажыратылды.

Буга чейин жол эрежелерин одоно бузган 5 айдоочу жумуштан четтетилип, 3 айдоочу сый акысынан ажыратылган.

Эскерте кетсек, айдоочуларга жол кыймылынын эрежелери боюнча маалымат берилген.

Ошондой эле  “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы коомдук транспорт катышкан жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин билүү деңгээли боюнча сынактан өткөрүүдө.

Связанный пост