«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйыны өттү. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов белгилегендей, Кыргыз Республикасы кыргыз-пакистан достугуна жана соода-экономикалык жана социалдык-гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө чоң маани берет. Анын айтымында, комиссиянын буга чейинки 3-жыйынынан бери 7 жыл өттү, бул комиссиянын ишиндеги кыйла узак тыныгуу болуп […]Читать далее
Кечээ, 2023-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен TotalEnergies Renewables SA компаниясы ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Документке Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев жана TotalEnergies Renewables SA компаниясынын вице-президенти, глобалдык бизнес өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Фабьен Демол кол койду. Аталаган Меморандумдун негизги максаты энергетика тармагында кызматташуу, Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча […]Читать далее
2023-жылдын 9-ноябрында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан соода борборунун балдардын оюн-зоок залында белгисиз адамдар үч жаштагы кызды уурдап, белгисиз тарапка изин жашырып кетип калышканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Милицияга арыз менен кыздын апасы кайрылган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу келген. 3 жаштагы кыздын кайда экендигин аныктоо максатында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын […]Читать далее
Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков мурда таштанды челектен табылган балага барды. Борбор калаадагы №1 төрөт үйүнүн маалыматы боюнча, баланын абалы туруктуу, ага дарыгерлердин тийиштүү медициналык жардамы берилген. Район башчысы тарабынан бала үчүн керектүү буюмдар берилди.Читать далее
11-ноябрда КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сауд Арабия Королдугунан келген хирургдар менен жолугушту, алар бир жуманын ичинде кыргызстандыктар үчүн жүрөккө ачык операция жана коронарография жасашат. 10-ноябрдан 17-ноябрга чейин Салман падышасы атындагы гуманитардык жардам жана куткаруу борбору аркылуу келген 30 хирург кыргызстандык адистер менен бирге Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда жүрөккө 20 ачык […]Читать далее
Марат Иманкулов КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын он биринчи жолугушуусуна
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Москва шаарында өткөн КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын он биринчи жолугушуусуна катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө дүйнөдө жана Шериктештик мейкиндигинде эл аралык коопсуздуктун чакырыктары жана коркунучтары, гибриддик коркунучтардын өсүү шарттарында КМШ мамлекеттеринин коомдук-саясий туруктуулугун камсыздоо, КМШ мейкиндигинде биологиялык коркунучтарга каршы туруу маселелери талкууланып, ошондой эле суу пайдалануу жана суу […]Читать далее
2023-жылдын сентябрь айында Мамлекеттик бажы кызматы 10,2 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. Белгиленген план 104,4%га аткарылды же 429,9 млн сомго көп чогултулду. 2022-жылдын сентябрына салыштырмалуу түшүүлөр 4,1 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 166,2%ды түздү. 2023-жылдын январь-сентябрь айлары үчүн бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн болжолу 83,2 миллиард сом өлчөмүндө белгиленген. 2023-жылдын 10 айында бажы кызматы […]Читать далее
“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасында мэрдин орун басары Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгы алдында ишкананын ишин жакшыртуу жана көйгөйлөрдү чечүү боюнча кеңешме өттү. Жолугушууга транспорт департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков, “БЖАИ” муниципалдык ишканасынын директору Бакыт Темикеев, ишкананын кызматкерлери, автоколонналардын башчылары жана айдоочулар катышты. Жол кырсыктарын алдын алуу жана айдоочуларды жол эрежелерин сактоого мажбурлоо максатында “БЖАИ” […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын 1-январынан тартып патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотуларын эскертет. Аталган күндөн тартып иштин төмөнкү түрлөрүнө карата патент өз күчүн жоготот: – базарларда жана кичи базарларда чекене сатуу; – дүкөндөрдө чекене сатуу; – дүкөндөрдөн, соода борборлорунан жана базарлардан тышкары чекене сатуу; – соода түйүндөрүн пайдалануу менен соода борборлорунда чекене сатуу; – күркөлөрдү, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, иш сапары менен Сауд Аравия Падышалыгына келди. Мамлекет башчысынын борту Эр-Рияд шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Ханзаада Мохаммед бин Абдуррахман бин Абдель Азиз – Эр-Рияддын Губернаторунун орун басары тосуп алды. Эскерте кетсек, иш сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине […]Читать далее