Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бишкекте таштанды челектен табылган балага карата көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Ведомстводон билдиришкендей, Бишкек шаарынын Октябрь административдик району боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлери тарабынан №1 төрөт үйүнө чыгуу уюштурулуп, баланын абалын текшеришти. Ошол эле учурда балага туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алуу, жакын туугандарын табып, камкордукка берүү боюнча иштер […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, Бишкекте өтүп жаткан ““Бирдиктүү эл – күчтүү өлкө” жалпы улуттук форумунун катышуучуларына кайрылуу жасады. Мамлекет башчысынын кайрылуусун катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов окуп берди. Мамлекет башчысынын кайрылуусунда мындай деп айтылат: «Кымбаттуу Кыргыз жарандары жана форумдун катышуучулары! Кадырлуу меймандар жана өнөктөштөр! Ушул жылдын 15-декабрында өтө турган II […]Читать далее
Массалык баш аламандык уюштурууга чакырган “Фейсбук” социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды
КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө массалык баш аламандыкка жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырыктарды такай жарыялап турган “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Адис Жумгалов” аккаунтунун колдонуучусу – 1980-жылы туулган КР жараны М.А.Р. аныкталып, кармалды Өз аракети үчүн жоопкерчиликтен кутулуу үчүн колдонуучу М.А.Р. купуялык орнотуп […]Читать далее
КР УКМК К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, Бишкек шаарындагы “ЦУМ-Айчүрөк” соода борборунун ээси Габбазов (азыр Маметов) Анвар Илшатовичке карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгүндө (уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сыртынан айып […]Читать далее
КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын октябрь айынын 6-12 чейин жалпы 19 571 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Алардын ичинен: -Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-284 -Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -312; -Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-99; -Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар- 1036; -Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-2706; -Авто ээнбаштык – […]Читать далее
“Социалдык контракт” программасынын алкагында өз ишин баштагандардын 96%дан ашыгы аялдар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева “Аялдардын ишкердиги -2023” көргөзмөсүн ачып жатып билдирди. “Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун демилгесине ылайык, 2022-жылдан баштап мамлекет аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берип келет. Бир жыл мурун бул […]Читать далее
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө максатында унаа каражаттарына болгон көзөмөлдү көчөтүп, текшерүү иштерин үзгүлтүксүз улантууда. Күн мурда Ат-Башы транспорттук көзөмөл пунктунда инспекторлор тарабынан оор жүк ташуучу унаалар токтотулуп, текшерүүгө алынды. Анын жүрүшүндө ашыкча жүк жүктөп алып, асфальт жолго чыккан транспорттордун айдоочуларына Кыргыз […]Читать далее
Талас шаарынын мэриясы 2023-жылдын 11-ноябрында Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн, Талас шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, Талас райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттитк санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери жана шаардын башкы имам-хатибинин катышуусунда Талас шаарынын аймагындагы диний уюмдардын, чиркөө, мечит, медреселердин ишмердүүлүгүнө жеринде барып мониторинг жүргүзүштү. Диний уюмдардын Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын каратэ боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Алматы шаарында (Казакстан) өтүп жаткан “Asian Cup” Эл аралык мелдешинде 6 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 3 коло) жеңди. 75 кг чейинки салмакта Назым Нурланов алтын медалга ээ болсо, +68 кг чейинки салмакта Екатерина Руденко жана Мухамед Ильясов күмүш медаль тагынышты. +68 кг чейинки салмак ченинде Бекдөөлөт […]Читать далее
Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери кызамык менен ооруган 3618 учур аныкталган. Аймактар боюнча: Бишкек шаары – 1076 учур, Ош шаары – 333 учур, Ош облусу – 695 учур, Баткен облусу – 96 учур, Чүй облусу – 562 учур, Жалал-Абад облусу – 650 учур, Талас облусу – 95 учур, Ысык-Көл облусу – 72 […]Читать далее