Бишкекте Сауд Аравиядан келген хирургдар жүрөккө акысыз операция жасоону баштады

11-ноябрда КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сауд Арабия Королдугунан келген хирургдар менен жолугушту, алар бир жуманын ичинде кыргызстандыктар үчүн жүрөккө ачык операция жана коронарография жасашат.

10-ноябрдан 17-ноябрга чейин Салман падышасы атындагы гуманитардык жардам жана куткаруу борбору аркылуу келген 30 хирург кыргызстандык адистер менен бирге Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда жүрөккө 20 ачык операция, ал эми М. Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборунда 50дөн ашык стент коюу операциясы жасалат. Адистер керектүү медициналык жабдууларды жана стенттерди ала келишкен.

КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сауд Арабиядан келген хирургдарга Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмдөрдү кыскартууга кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Бул кайрымдуулук акциясын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Министрлик бардык зарыл колдоолорду көрсөтөөрүн баса белгиледи.

Связанный пост