Коом

ЖКККББнын кызматкерлери майрам күндөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

ЖКККББнын кызматкерлери майрам күндөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын барбордук аппаратынан өздүк курамына ИИМдин 2024-жылдын 1-майынан тартып, 10-майына чейин, жогорулатылган күжүрмөн даярдык баскычында кызмат өтөө жөнүндөгү буйругуна ылайык, атайын саптык кароо өткөрүлдү. Анда кызматкерлердин кийген формасынан тартып, кызмат учурундагы колдонулуучу каражаттары жана […]Читать далее

Укук тартиби

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кармалды

“Беш-Сары” соода борборунун директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК “Беш-Сары” ЖЧКсынын жетекчилиги тарабынан жеке менчикти ыйгарып алуу жана үчүнчү жактарга өткөрүп берүү боюнча алдамчылык фактысын аныктоо боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысын да аныктады. Белгилүү болгондой, “Беш-Сары” ЖЧКсынын директору Ж.Н.К. 2023-жылдын ноябрь айында компетенттүү органдар […]Читать далее

Аймак

Баткенде чек ара окуяларынын курмандыктары эскерилди

Бүгүн 30-апрелде Баткен шаарында 2021-жылдын апрель айындагы жана 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш чарасы өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Бул күнү чек ара курмандыктарынын элесине арналып тургузулган эстелик мемориалына гүл чамбарлар коюлуп, алардын арбайына багышталып куран окулду. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президенттин […]Читать далее

Медицина

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин 3 кабаттуу

Бүгүн, 2024-жылдын 30-апрелинде Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин 3 кабаттуу корпусунун ачылышы болду. Иш-чара министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Жылдыз Токторбаева, Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева, РКЖООнун жетекчилиги жана жамаатынын катышуусунда өттү. Медициналык имараттын капиталдык ремонту Дүйнөлүк банктын […]Читать далее

Коом

“Жашыл-Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында республиканын токой чарбалары 7 миңге чукул

2024-жылдын 27-апрелинде “Жашыл-Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында республиканын токой чарбалары тарабынан көчөт отургузуу акциялары өткөрүлүп, жалпысынан 11 га аянт жерге 6850 даана көчөт отургузулду, иш – чарага  райондук администрациянын, токой чарбалардын, ишканалардын кызматкерлери катышты,  270  бардыгы    адам, анын ичинен: Нарын  токой чарбасы 4 га аянт жерге 1800 даана Тянь-Шань карагайы, кара карагай, 70 адам; Талас токой […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиевдин Эр-Риядга болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар макулдашууларга

Эр-Рияд шаарына (Сауд Аравия Королдугу) жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Сауд Арабия Королдугунун Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдуррахман бин Абдулмохсен Аль- Фадли менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар акыркы жылдарда өлкөлөр ортосундагы саясий диалогдун олуттуу активдешүүсүн, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды […]Читать далее

Дүйнөдө

Босфордун жээгиндеги архитектура кереметтери

Босфордун жээгиндеги архитектура кереметтери   Босфор кысыгы – Стамбулдун эң маанилүү маданий мурастарынын катарында десек да болот. Аталган жер, Европа менен Азия континенттеринин бири-бирине кошулган шаары болуп, андагы структуралар ар түрдүү доорлорго таандык жана ар түрдүү архитектуралык стилдерге ээ. Европанын да, Анадолунун да жээгинде жайгашкан укмуштуу сарайлар Босфордун өзүнөн эң сонун көрүнөт. Кайык турлары, бул […]Читать далее

Укук тартиби

Кара-Сууда салык кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Кара-Сууда салык кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Маалыматка ылайык, УКМКга ишкер кайрылып, Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери Кыргызстандын аймагына 9 унаа ташып келүүдө пайда болгон болжолдуу 650 миң сом салык карызын жашыргандыгы үчүн, андан 100 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыгын билдирген. […]Читать далее

Министрлер кабинети

Минкаб башчысы М.Абдраев атындагы музыкалык мектептин реконструкциялоо долбоору менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мукаш Абдраев атындагы республикалык орто атайын музыкалык мектеп-интернатындагы билим берүү чөйрөсүн реконструкциялоо жана жакшыртуу долбоору менен таанышты. Минкаб башчысы 300 орунга эсептелген жаңы жатакананын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Тиешелүү финансылык каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Объекти үстүбүздөгү жылдын сентябрына чейин бүткөрүү пландалууда. Акылбек Жапаров Ага-Хан өнүктүрүү тармагынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда банк тармагы жыл башынан бери 6 млрд сом таза

2024-жылдын 1-апрелине карата банк тармагы жыл башынан бери 6 млрд сом өлчөмүндө таза киреше алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын Коммуникация жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Аида Карабаева билдирди. Ал банк тармагынын жалпы активдери жыл башынан бери 7,3%га өсүп, 658,9 млрд сомду түзгөнүн белгиледи. “Анын ичинде банк секторунун кредит портфелинин […]Читать далее