“Жашыл-Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында республиканын токой чарбалары 7 миңге чукул көчөт отругузду

2024-жылдын 27-апрелинде “Жашыл-Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында республиканын токой чарбалары тарабынан көчөт отургузуу акциялары өткөрүлүп, жалпысынан 11 га аянт жерге 6850 даана көчөт отургузулду, иш – чарага  райондук администрациянын, токой чарбалардын, ишканалардын кызматкерлери катышты,  270  бардыгы    адам, анын ичинен:

Нарын  токой чарбасы 4 га аянт жерге 1800 даана Тянь-Шань карагайы, кара карагай, 70 адам;

Талас токой чарбасы 2 аянт жерге 800 даана Тянь-Шань карагайы, 50 адам;

Жети-Өгүз токой чарбасы 5 га аянт жерге 4250 даана , Тянь-Шань карагайы, кызыл карагай, 150 адам.

Связанный пост