Министрлер кабинети

Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосунда энергетика жана кызматташуу жаатында

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Навид Хассан Накви баштаган Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолукту.   Жолугушууда тараптар энергетика жана суу ресурстары тармагындагы кызматташтыкты жогорулатуу, ошондой эле Дүйнөлүк банк тобунун Аткаруучу директорлорунун Кыргыз […]Читать далее

Кырсык

Сейсмология институту жер титирөө Бишкек шаарында 4 баллга жеткенин билдирди

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун Өзгөчө кырдаалдар министрлигине саат 16:15те берген такталган маалыматына ылайык, 2024-жылдын 23-январында түнкү саат 00:09да Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 8 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын […]Читать далее

Экономика

КР Экономика министри Индиянын элчиси менен гранттык жардамдын алкагында долбоорлорду

2024-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Арун Кумар Чаттерджи мырзанын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Индия Республикасынан гранттык жардам көрсөтүү боюнча […]Читать далее

Коом

Пекин шаарында эт азыктарын импорттоо жана экспорттоо маселелери талкууланды

2024-жылдын 15-январынан 19-январына чейин Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары М.А. Алияскаровдун катышуусунда Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында айыл чарба жана мал чарбасы тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган бир катар маселелер талкууланды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. М. Алияскаров өз сөзүндө Кытай менен айыл чарба тармагындагы өнөктөштүктү мындан […]Читать далее

Коом

ИИМ: Былтыр издөөчү иттердин жардамы менен баңги заттарды таратууга байланышкан

Былтыр издөөчү иттердин жардамы менен баңги заттарды таратууга байланышкан 100 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу КР ИИМнин басма сөз кызматы маалымдады. 2023-жылы ИИМдин БМЖКККнын кинологиялык борборунун кызматкерлери баңги каражаттарды табуу боюнча ыкчам иш-чараларга активдүү катышышты. 2023-жылы ИИМдин БМЖКККнын кинологиялык борборунун кызматкерлери окуя жана кылмыш болгон жерге 535 жолу чыгышкан. Кызматтык издөө иттери ар кандай кылмыштарды, […]Читать далее

Коом

2023-жылы Кыргызстанга 60 миңден ашуун баш асыл тукум мал-жандыктар алынып

2023-жылы Кыргызстанга 60 миңден ашуун баш асыл тукум мал-жандыктар алынып келген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун директору Жаныбек Керималиев билдирди. Анын айтымында, анын ичинен 371 баш асыл тукум кунаажын, 665 баш асыл тукум жылкы, эт багытындагы СОВВ-500 породасындагы 59 миң 40 даана асыл тукум жөжө алынып келген.Читать далее

Билим

2025-жылы Кыргызстан PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө катышат

2025-жылы Кыргызстан PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө катышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 15 жаштан 16 жашка чейинки ар бир окуучу изилдөөнүн катышуучусу болушу ыктымал. Ал эми мугалимдер окуучулардын функционалдык сабаттуулугун тынымсыз өнүктүрүүгө умтулушу керек, бул мектептердеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу менен түздөн-түз байланыштуу. “2025-жылы негизги изилдөөгө катышуу үчүн кайсы мектептин […]Читать далее

Коом

Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алууда

Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алууда. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан бүгүнкү күндө Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрү алуу үчүн кайрылгандардын саны 87 адамды түзөт, алардан 78 адам бир жолку төлөм алса, 9 адам чечимди күтүүдө. Бир жолку төлөмдөрдүн орточо өлчөмү 4200 АКШ долларын түздү.Читать далее

Министрлер кабинети

Бакыт Төрөбаев: Быйыл суу ресурстары багыты боюнча ири долбоор ишке

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев 2024-жылы ишке аша турган 100 ири долбоорлордун алкагында айыл чарба тармагында аткарыла турган иштерге токтолду. МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында 2024-жылга карата суу ресурстары, айыл чарба багытындагы үрөөнчүлүк, көчөт, тоют, кайра иштетүүчү ишканаларды, логистикалык борборлорду […]Читать далее

Президент

Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 7-декабрында кабыл алынган. Мыйзам жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке болгон укуктарды камсыз кылуу, ошондой эле өмүргө жана ден соолукка кылмыштуу кол салуулардан коргоо максатында кабыл […]Читать далее