Сейсмология институту жер титирөө Бишкек шаарында 4 баллга жеткенин билдирди

 Сейсмология институту жер титирөө Бишкек шаарында 4 баллга жеткенин билдирди
Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун Өзгөчө кырдаалдар министрлигине саат 16:15те берген такталган маалыматына ылайык, 2024-жылдын 23-январында түнкү саат 00:09да Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 8 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында жана Бишкек шаарында 4 баллга (Кумтөрдөн 75 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 137 чакырым түштүк чыгышта, Кажы-Сай айылынан 150 чакырым түштүк чыгышта, Нарын шаарынан 218 чакырым түштүк чыгышта, Бишкек шаарынан 300 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилди.
Ошондой эле Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 23-январь күнү саат 15:07де Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ыштык айылында 2,5 баллга (Ыштык айылынан 55 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Учурда республиканын жер титирөө катталган аймактарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте тактоо иштерин жүргүзүүдө. Иштин жыйынтыгы тууралуу маалымат берилет.

Связанный пост