Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Афганистандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма соз кызматынан билдиришти. Тараптардын жолугушуусу 25-январда Афганистандын борбору Кабул шаарында өткөн. Жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоого арналды. Афганистандын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын милдетин аткаруучу бийик тоолуу аймактарда жашаган жана […]Читать далее
Кыргызстанда 24.01.24 сандарын камтыган “өзгөчө” датада 184 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет. Бишкекте 41 түгөй баш кошуп, анын ичинен 14 түгөй Бакыт өргөөсүндө баш кошушту. Ош шаарындагы Бакыт өргөөсүндө 4 салтанат өттү. Санариптик өнүгүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти 2023-жылы республика боюнча 44 миң 776 нике каттаган. 2022-жылга салыштырмалуу нике каттоосу […]Читать далее
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды. ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар 2024-жылдын февралында Анкарада өтө турган кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына даярдыктарды талкуулашты. Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы көп кырдуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин жана Түркиянын президенти […]Читать далее
Россиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан балык артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан Россиядан Кыргызстанга 21 тонна тоңдурулган балык мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталган. Тактап айтканда, жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталган эмес. Инспекторлор тарабынан тиешелүү […]Читать далее
Акылбек Жапаров аймактык жетекчилерге инвестиция тартууга жоопкерчиликтүү экенин эскертти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдеринин, ЖОЖдордун ректорлорунун катышуусунда болуп жаткан жыйындын төртүнчү күнүнө катышты. Анда МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров административдик-аймактык реформанын жүргүзүлүшү, каржы жана социалдык тармактарда аткарыла турган иштерге токтолду. “Ар […]Читать далее
Кара-Сууда региондор аралак кастыкты козуткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнин басма сөз кызматы маалымдады. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда “Facebook” социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу өзүнүн жеке баракчасына региондор аралык кастыкты, араздашууну козутууга багытталган материалдарды жүктөгөндүгү тууралуу маалымат алынган. Бул маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери […]Читать далее
Январдын аягына чейин Кыргызстандын төрт облусунун 128 айыл округу оптикалык була кабели менен камсыздап, жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырылат. Бул тууралуу “Кыргызтелекомдун” басма сөз кызматынан билдиришти. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Талас облусунун Айтматов районунда, Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда Digital CASA долбоорунун 2-этабы ийгиликтүү аяктады. “Бүгүнкү күндө “Кыргызтелеком” […]Читать далее
Кыргызстанда 2021-2023-жылдары бала бакчалардын жалпы саны 186га көбөйүп, 1 миң 834кө жетти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, типтүү бала бакчаларга балдарды камтуу 199 миңден 220 миңге жетти. 2021-жыл – 1 648 бала бакча иштесе, 2022-жыл – 1 712 бала бакча, 2023-жыл – 1 834 бала бакча болду. Балдарды типтүү бала бакчалар менен […]Читать далее
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алынды. Бл тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, буга чейин, 2023-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Жамгырчиевге карата мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөдөдө такталгандай, Э.Жамгырчиев кылмыш жоопкерчилигинен жана […]Читать далее
Ошто эки деңгээлдүү өтмөк курулат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады. Ош шаарында Ы. Монуев көчөсүн “Кыргыз Көчү” босогосунан А. Масалиев кең көчөсүнө чейинки аралыкты оңдоп-түзөө, Ы. Монуев, А. Шакиров менен Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдүү жер астынан, үстүнөн унаалар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн курулуучу өтмөктү курууга даярдыктар башталды. Бул Ош шаарында […]Читать далее