Россиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан балык артка кайтарылды

 Россиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан балык артка кайтарылды

Россиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан балык артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан Россиядан Кыргызстанга 21 тонна тоңдурулган балык мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталган эмес.

Инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Россияга артка кайтарылды.

Связанный пост