Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Сауд Аравия Королдугунун Тышкы иштер министринин орун басары Валид Аль-Хурейжини кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, туризм, гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, кыргыз-сауд саясий диалогунун учурдагы абалы жана өнүгүү келечегин талкуулап, көп тараптуу жана аймактык күн […]Читать далее
Бүгүн, 7-мартта Ош шаарынын мэриясы тарабынан С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Кушубак Шайиев, баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан айымдар жана коомдук ишмерлер катышты. Бакытбек Жетигенов Аялзат – үй-бүлөнүн, […]Читать далее
2022-жылы мугалимдердин эмгек акысы 80% көбөйтүлдү. Бул 3 жылда биринчи жолу мугалимдердин жетишсиздиги менен кырдаалды өзгөртүүгө жана аны 4 эсеге кыскартууга мүмкүндүк берди. Окуу жылынын башталышына карата 698 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта министр Догдуркүл Кендирбаева Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиялык жыйналышында билдирди. Догдуркүл Кендирбаева 2023-жылы педагогдордун потенциалын жогорулатууну уюштуруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр […]Читать далее
Бишкек шаарында 11-марттан 11-майга чейин борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланды. Муниципалитеттен билдиришкендей, эки айлык борбордун инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу, аймагын көрктөндүрүү максатында жарыяланды. Эки айлыктын алкагында көчөлөрдү тазалоо жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, менчигинин түрүнө карабастан уюмдар жана мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдө жана жеке […]Читать далее
Бишкекте “Chargefast” пирамидасынын негизги уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, март айында Биринчи май РИИБге 100дөн ашуун жаран “Chargefast” (тез заряд) компаниясынын ээлерине карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Алар акчаны эки эсе көбөйтүү шылтоосу менен ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен көп суммадагы акча каражаттарын ээлеп алышкан. Андан кийин убадасын […]Читать далее
“Бала бакчаларды ченемдик каржылоого өтүүнүн жаңы механизми иштелип чыкты, ошондой эле билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук режимде 2024-жылдын 1-сентябрынан баштап киргизүү мыйзам менен бекитилди. Бул мамлекет мектепке чейинки билим берүүнү мамлекеттик бала бакчаларда гана эмес, жеке менчик бала бакчаларда да каржылайт дегенди билдирет”, – деди коллегиялык жыйналыштагы баяндамасында Билим берүү жана илим министри […]Читать далее
ЮНИСЕФ Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Сай айылындагы мектепте өзгөчө кырдаал жөнүндө кабарлоочу жаңы жабдууларды орнотту. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жабдууларды улуттук өзгөчө кырдаалдар жөнүндө кабарлама системасына кошту. Жалпы суммасы 2 млн сомдон ашкан (23,4 миң АКШ доллары) жабдуу мектептердин табигый кырсыктарга даярдыгын жогорулатууга багытталган долбоордун алкагында берилди. Бул долбоорду Жапон Өкмөтү каржылайт. “Бул жабдууну орнотуу […]Читать далее
Кыргызстанда Аял-прокурорлордун ассоциациясы түзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты. Мындай ассоциация өлкө тарыхында биринчи ирет түзүлүп жатат. Аны түзүүнүн негизги максаты — аял-прокурорлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын колдоо, коргоо, өкүлчүлүк кылуу жана мыйзамдуулукту чыңдоодо, адам укуктарынын сакталышын камсыз кылууда аял-прокурорлордун ролун жогорулатуу болуп эсептелет.Читать далее
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын залында Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык салтанат өткөрүлдү. Иш-чарага биринчи айым Айгүл Жапарова, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев, ошондой эле өлкөгө эмгек сиңирген ишмерлер, борбор калаанын ар кайсы тармагынан келген активист аялдар катышты. Шаар башчысы Айбек Жунушалиев куттуктоо сөз сүйлөп, жалпы айымдарга чың […]Читать далее
Кочкор районун Кочкор жана Большевик айылдарынын башкы пландары бекитилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, агенттиктин Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун калктуу пункттардын башкы пландарын долбоорлоо боюнча бөлүмүнүн кызматкерлеринин Кочкор районуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Иш сапардын жыйынтыгында Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн Кочкор жана Большевик […]Читать далее