Жогорку Кеңеш

Япония Кыргызстанга 1 млрд йен грант бөлөт

Япониянын өкмөтү Кыргызстанга “Ирригациялык каналдарды карап күтүү үчүн техника менен жабдууну жакшыртуу” долбоорунун алкагында 1 млрд 87 млн йен (болжол менен 7,4 млн доллар) бөлөт, деп билдириди Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан.   Маалыматка ылайык, ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда 2023-жылдын 20-ноябрында Токио шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен […]Читать далее

Коом

Республикада бир жума ичинде СOVID-19 инфекциясынын 1 учуру катталды

КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал Ыкчам маалыматтар боюнча, 2024-жылдын 10-жумасында (04.03-10.03.24) республика боюнча өткөн жумага (09-жума, 92,7) салыштырмалуу курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооруган 4576 учур катталды -30,4%га төмөн. Бардык ооругандардын 71,7%ы 14 жашка чейинки балдар. Октябрь айынан бери бейтаптардан 1834 анализ алынган, лабораториялык жыйынтыктар боюнча эпидемиялык мезгил A/H3N2 тумоосу […]Читать далее

Коом

Ош шаарында керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү

“15-март бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” күнүнө карата иштелип чыккан 1 айлык иш-чаранын алкагында, Ош шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан, шаардагы Калкты тейлөө борборунда Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү” Мыйзамынын талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг төмөндөгү багыттарды камтыды: 1. Иштөө режиминин, прейскуранттардын (баасы) илиниши; 2. Накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө […]Читать далее

Коом

Кыргыз-казак чек арасында жер титирөө катталды

Бүгүн саат 11:53тө кыргыз-казак чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 3 баллды түзүп, анын очогу Кыргызстандын аймагында – Ак-Булак айылынан түндүк-батышка карай 5 км, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан түндүк-батышка карай 40 км аралыкта жайгашкан. Жер титирөө Ак-Булак, Курмөнтү, Ак-Булуң, Балбай айылдарында 3 […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда 13-14-март күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Синоптиктердин маалыматына таянсак, 13-15-март күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 13-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 13-мартта күндүз жана […]Читать далее

Коом

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Абдулазиз кары Закиров кыргызстандыктарды ыйык Орозо (Рамазан) айынын башталышы менен куттуктады. Муфтийдин куттуктоосу: “Урматтуу мусулман бир туугандар! Ардактуу мекендештер! Ошентип ай алмашып, жыл тогошуп, кайрадан куттуу Рамазан айы жаңырды. Он бир айдын султаны – Рамазан айына сак-саламат жеткирген Жаратканга миң мертебе шүгүрлөр болсун. Алланын ырыс-дөөлөтүн жон тери менен сездирген, шаң-шарапаты […]Читать далее

Коом

Кыргызстан жайыттарды жакшыртуу үчүн 66 тонна эспарцет үрөнүн сатып алды

Кыргызстанда жайыттарды жакшыртуу максатында 66 тонна эспарцет үрөнүн сатып алды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, үрөн сатып алуу КР министрлер кабинетинин тескемесинин негизинде жүргүзүлдү. Ошентип, жайыттарга жайыт чөптөрү менен аралаштырып себүү үчүн Россиянын “АгроМакс” ЖЧКнан сынактык негизде 8 млн 638 миң 760 сомго 66 тонна […]Читать далее

Укук тартиби

Жалал-Абадда үлпөт той учурунда унаада баратып ок чыгарган жаран кармалды

Жалал-Абадда үйлөнүү тоюнда унаада баратып абага ок чыгарган жаран кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда белгисиз жаран үлпөт той кортежинде бара жаткан унаалардын арасынан BMW X5 үлгүсүндөгү унаанын каптал айнегинен чыгып, бир нече жолу абага ок чыгарган тартылган видео тараган. Аталган факты боюнча ыкчам-издөө иш-чарасы жүргүзүлүп, аталган […]Читать далее

Президент

Президент саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдерин реформалоо жөнүндө жарлыкка кол

Президент Садыр Жапаров “Саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдерин реформалоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду, деп билдирет мамлекет башчысынын басма сөз кызматы. Азыркы учурда Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга карабастан, калкка медициналык кызмат көрсөтүүдө анын сапаты боюнча системалуу көйгөйлөр кала берүүдө. Бул кырдаалдын негизги себептери болуп материалдык-техникалык жактан жетишсиз камсыз кылуу, республикалык […]Читать далее

Медицина

ОшМУнун медициналык клиникасында боор, бөйрөккө операциялар жасалат

Ош Мамлекеттик университетинин (ОшМУ) медициналык клиникасында боор, бөйрөккө операциялар жасалат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун аталган окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында Түркиянын Малатия шаарынан иш сапары менен келген İnönü (Инөнү) университетинин өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда айтылды. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу бүгүн өткөн. Жолугушууда профессор Ахмет Кызылай – […]Читать далее