Кар жаап, аба-ырайынын өзгөрүүсүнөн улам, “Сосновка”, “Арал” посттунда жана Талас облусунун өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Чектөө качан алынаары боюнча кошумча маалымат берилет. Андыктан, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы алыскы жолго чыккан айдоочулардан жолго чыгаарда алдын ала мерчемдеп, аралыкты сактап, ылдамдыкты азайтып, баардык коопсуздук эрежелерин так сактоону өтүнөт.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59, 65-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат: […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев Чүй облусунун Чүй районунда балык чарбасы менен алектенген ишкерлер менен жолугушту. Ведомстводон билдиришкендей, иш сапарынын алкагында министр “Аква Пром” ЖЧКсынын балык өстүргөн инкубациялык цехинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бүгүнкү күндө бул цех Америкадан форель балыгынын икрасын алып келип, инкубация кылууда. Дээрлик миллионго чукул малёк […]Читать далее
Бүгүн, Ош шаарынын көчөлөрүндө “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын сакталышы жана аткарылышы боюнча рейд жүргүзүлдү. Текшерүү алгач Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн башталып, Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөлөрү, муниципалдык менчик башкармалыгынын, “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Мамлекеттик тил Мыйзамынын талабына жооп бербеген, эскилиги жеткен көрнөк-жарнамалардын […]Читать далее
Жаратылышты ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин Россия, Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү боюнча департаментинин директору Масаси Ватанабэ менен жолугушту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушунун журүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы экологиялык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында меморандум жана Биргелешкен кредит механизми жана жүргүзүлүп жаткан иш аракетттер тууралуу сөз болду. Министр Тургунбаев […]Читать далее
Акылбек Жапаров Өнүктүрүү институттарын Айыл чарба министрлиги ишке ашыра турган
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешинин кезектеги жыйыны болду. Отурумда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев министрлик тарабынан жакынкы жылдары 11 тармак боюнча 100 ири бизнес долбоор […]Читать далее
«Сүттүн сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кенешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады. Токтом долбоорунун демилгечиси, депутат Акылбек Түмөнбаев белгилегендей, токтом долбоору ата мекендик сүт өндүрүүнү сактоо жана андан ары өнүктүрүү, ошондой эле ата мекендик айыл чарба сүт өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында иштелип чыккан. […]Читать далее
Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова белгилегендей, макулдашуунун максаты абанын сапатын жакшыртуу жаатында өлкөнүн потенциалын чыңдоо, ошондой эле турак үйлөрдү таза экологиялык каражаттар менен жылытуу боюнча чечимдерди […]Читать далее
“Манас” эл аралык аэропортунда жаны VIP-зал курулууда. Бул тууралуу аэропорттон билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда жүргүнчүлөр үчүн жаңы 2500 миң чарчы метрди түзгөн VIP-залдын курулуш иштери кызуу жүрүүдө. VIP-зал заманбап бардык шарттары, стерилдик зонасы жана жаңы жабдуулар менен камтылат. Тагыраагы VIP-зал – “Манас 2” имаратынын 2-кабатында орун алат. “Жакын арада VIP-залдын курулуш иштери жыйынтыкталса ишке берилмекчи. […]Читать далее
Баткен областынын прокуратурасы тарабынан Кадамжай районуна караштуу А.Масалиев айыл өкмөтүндө жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, айыл чарба багытындагы жер тилкелерине карата укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүлгөн документтери алынбай, муниципалдык менчикке өткөрүлбөй турган жалпы 104 га жер тилкеси аныкталган. Жогорудагылардын негизинде, мыйзам бузуучулуктарга карата прокурордук акты келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен 634 млн 536 миң […]Читать далее