Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында коллегия өттү. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиршендей, коллегияда аткаруу тартиби жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышы, ошондой эле 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелери талкууланды. Биринчи маселе боюнча уюштуруу-контролдоо башкармалыгынын башчысы Кубандык Акматбеков баяндама жасады. Жарандардын документтерин жана кайрылууларын кароо мөөнөттөрүн бузгандыгы […]Читать далее
Салык декларациясын тапшырбаган жана туура эмес тапшырган 2 511 кызматкерге 6 млн сом айып салынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, прокуратура органдары тарабынан 2024-жылдын 9 айында Кыргызстандын салык мыйзамдарынын аткарылышы боюнча, тактап айтканда мамлекеттик жарандык кызматкерлер жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан кирешелер, чыгымдар, милдеттенмелер жана мүлк жөнүндө маалыматтарды камтыган бирдиктүү салык декларациясын тапшыруусуна […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, өлкөнүн почта кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу почта кызматкерлери жана бул тармактын кадырлуу ардагерлери! Урматтуу мекендештер! Кыргыз Республикасынын почта кызматы кагазга кат жазып же телеграмма жиберген учурлардан тартып, бүгүнкү заманбап санарип тейлөө кызматына же электрондук коммерцияга чейин бүтүндөй бир доорду […]Читать далее
“Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясынын кеңсесинин расмий ачылды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул өлкөнүн жарандык авиациясын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат жана ал өлкө ичинде да, чет өлкөдө да жеткиликтүү жана коопсуз аба каттамдарын камсыз кылуу максатында түзүлгөн. “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы Кыргызстандын негизги шаарларына каттамдарды сунуштоо менен өзүнүн маршруттук […]Читать далее
Ноокен районунун Шамалды-Сай шаарында көмүр брикеттөөчү завод ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин өкүлү Тилек Текебаев катышты. Завод толугу менен автоматташтырылган. Мында саатына 12 тоннадан 32 тоннага чейин көмүр брикетин чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Ишкана “Ак-Марал АРК” ЖЧК тарабынан ачылып, 20га жакын жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Облус […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 7-8-октябрда Россия Федерациясына болгон иш сапары аяктады. Мамлекет башчысы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Ага Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, […]Читать далее
Москва шаарында бүгүн, 8-октябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле коопсуздук жаатындагы интеграциялык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Ошондо төмөнкү документтерге кол коюлду: – 2025-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылуу жөнүндө; – Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда, Москва шаарында (Россия Федерациясы) өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышуучу Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын тар форматында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчылары Шериктештиктин алкагында кызматташууну тереңдетүү маселелерин, регионалдык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу аспектилерин талкуулашты. Садыр Жапаров шериктештиктин мейкиндигинде өнүгүүнүн натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү болуп […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Чоң Кремль сарайына келди. Иш-чарага келген КМШ мамлекет башчыларын Кремль сарайында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин тосуп алды. Саламдашуу аземи жана чогуу сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкөлөрдүн лидерлери тар форматтагы жыйын залына өтүштү.Читать далее
Араван районунда баасы 117 млн сомдук 11,43 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Араван райондук сотунун 2007-жылдагы чечими менен Юсупов айыл аймагынын Мончок-Тепе участогунда жайгашкан 11,43 га жер тилке Р.Н. жеке менчиги деп мыйзамсыз табылып, андан соң 2013-жылы бул жер тилке тартуулоо келишиминин негизинде Н.Н. менчигине өткөрүлгөндүгү аныкталган. Райондук прокуратура тарабынан […]Читать далее