Коом

Афганистандагы этникалык кыргыздарга дары-дармектер жеткирилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт жетектеген гуманитардык жардам Афганистандын Бадахшан провинциясыдагы этникалык кыргыздарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектерди жеткирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, министрдин орун басары Бадахшан провинциясынын губернатору Мавлави Мохаммад Аюб Халид менен этникалык кыргыздардын жашоо шарттарын, ошондой эле жергиликтүү бийликтин этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча көрүлүп чараларын жана пландарын […]Читать далее

Экономика

Отунду маркалоо. Күйүүчү-майлоочу майга акциз салыгынын түшүүсү көбөйдү

Мамлекеттик салык кызматы “Учкун” ААКтын отунду маркалоо оператору менен биргеликте маркалоо системасы киргизилгенден бери 4,9 миң тонна бензин жана дизелдик отунду маркалады. Салык кызматынан билдиришкендей, тактап айтканда, 1,3 миң тонна дизелдик отун жана 3,6 миң тонна бензин маркаланды. Ошондой эле милдеттүү маркалоо киргизилгенден бери, 2024-жылдын октябрынын алгачкы 14 күнүндө күйүүчү-майлоочу майга акциз салыгынан 219 млн […]Читать далее

Укук тартиби

Арстанбаптагы селдин себептери аныкталып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кылмыш иши козголду

Арстанбаптагы селдин себептери аныкталып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Арстанбап айылында болгон селдин себептерин жана кесепеттерин аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Аудиттин жүрүшүндө Базар-Коргон шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Арстанбап айыл өкмөтүнүн жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери […]Читать далее

Министрлер кабинети

Министрлер кабинетинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүүнү уюштуруу маселелери талкууланды

Министрлер Кабинетинде 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын отуруму болуп өттү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жыйынга министрлер кабинетинин жана Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү, ошондой эле өкмөттүн тиешелүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Жыйындын жүрүшүндө шайлоо участкаларын уюштуруу, шайлоо комиссияларын даярдоо жана окутуу, ошондой […]Читать далее

Билим

Россия кыргызстандык абитуриенттер үчүн 700 бюджеттик орун бөлдү

Россия кыргызстандык абитуриенттер үчүн 700 бюджеттик орун бөлгөн. Бул тууралуу Роскызматташтыктын жетекчисинин орун басары Павел Шевцов Биринчи радиого маек берүү учурунда билдирди. Ал белгилегендей, 14-15-октябрга чейин Бишкекте кыргыз-орус билим форуму жана россиялык жогорку окуу жайлардын көргөзмөсү өтүп жатат, ага Россиянын 40тан ашык жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышууда. “Ректорлор, кафедра башчылары, институттардын жетекчилери, профессорлор биз менен […]Читать далее

Президент

“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамын ишке

Президент Садыр Жапаров “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” жарлыкка кол койду. Кыргызстанда ар бир адам каза болгондон кийин керээзи боюнча каадаларды жана салттарды, диний жана табынуу үрп-адаттарын сактоо менен жайга коюлууга укуктуу. Сөөктү жайга коюу жалпыга таанылган адеп-ахлактын, этиканын принциптерине каршы келбеген дин тутуу […]Читать далее

Президент

“Асман экологиялык таза шаары” пилоттук долбоорун куруу концепциясынын негизги багыттары

Президент Садыр Жапаров экологиялык таза Асман шаарын курууну ишке ашырууда экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында “Ысык-Көл облусунун аймагында “Асман экологиялык таза шаары” пилоттук долбоорун куруу концепциясынын негизги багыттары жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыктын башкы милдеттери “Ысык-Көл” биосфералык зонасынын экологиялык коопсуздугун камсыздоо, көлдүн жанаша аймагын натыйжалуу пайдалануу жана башкаруу, Ысык-Көл облусунун туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүнү контролдоону камсыз […]Читать далее

Президент

“Жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 256 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде аймактын жашоо-тиричилигин камсыздоо жана жергиликтүү деңгээлде калкка кызмат көрсөтүү системасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, […]Читать далее

Президент

«Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгиси уюштурулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгисин уюштуруу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоонун урматына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат: 1. «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгиси уюштурулсун. 2. Төмөнкүлөр бекитилсин: – «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» […]Читать далее

Коом

Камчыбек Ташиев: Тажикстан менен чек араны делимитациялоо процесси жакында аяктайт

Жакынкы аралыкта кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо процесси аяктайт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Баткен тарыхы — элдин руханий мурасы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда билдирди.   “Кудай буйруса, жакынкы арада коңшулар менен чек ара маселесин талкуулап бүтөбүз. Мурдагыдай “кайсы жер биздики, кайсы жер башканыкы” деген нерсе болбойт. Бардыгын мыйзам чегинде чечип, […]Читать далее