Спорт

Айсулуу Тыныбекова Кыз-келиндер күрөшү федерациясынын вице-президенти болуп шайланды

21-октябрда “Кыргызстандын Күрөш федерациясы” коомдук бирикмесинин кезексиз шайлоо жыйыны болуп өттү. Күрөш федерациясынан билдиришкендей, иш-чарага федерациянын мүчөлөрү, ошондой эле Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучулары жана калыстар тобу катышты. Жыйындын жыйынтыгында Айсулуу Тыныбекова федерациянын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенттик кызматына шайланды. Тыныбекова өз сөзүндө өлкөдө кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүгө жигердүү көмөк көрсөтүүнү пландап жатканын белгилеп, ошол […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстан менен Россия өкмөттөрүнүн биргелешкен жыйынында бир катар документтерге кол

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин жетекчилиги алдында Москва шаарында өткөрүлгөн Кыргызстан министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн биргелешкен отурумунун жыйынтыгында эки тараптуу беш документке кол коюлду. Алар: Кыргызстан министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы саламаттыкты сактоо, медициналык билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу; 2002-жылдын 16-апрелиндеги Кыргызстан өкмөтү […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров жана Михаил Мишустин КР менен РФ өкмөттөрүнүн биргелешкен

Россиянын Москва шаарына болгон расмий сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин жетекчилиги алдында Кыргызстандын министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн биргелешкен жыйыны болуп өттү. Анда минкаб төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз делегациясын меймандостукта жылуу тосуп алгандыгы үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирип, Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Россиядагы […]Читать далее

Аймак

Баткенге Өзбекстандан дарыгерлер келди

Баткенге Өзбекстандан дарыгерлер келди. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.   КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, Өзбекстандан келген Республикалык адистештирилген илимдер практикалык жана терапиялык, ошондой эле медициналык реабилитация борборунун директорунун орун басары медицина илимдеринин доктору, профессор Абдукаххор Фозилов баштаган дарыгерлерди кабыл […]Читать далее

Министрлер кабинети

Мишустин: Россия-кыргыз мамилелери бардык тармактар боюнча динамикалуу өнүгүп жатат

Россия-кыргыз мамилелери өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында динамикалуу өнүгүп жатат. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Россия өкмөтү менен Кыргызстандын министрлер кабинетинин биргелешкен жыйынында билдирди. Анын айтымында, Россия менен Кыргызстан үзгүлтүксүз байланышта болуп, ЕАЭБ, КМШ жана ШКУ аркылуу иш алып барат. Эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы жакшы темп менен өнүгүп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 8 айында товар […]Читать далее

Коом

Быйыл Кыргызстанда мектептеги тамактанууга бюджеттен 1,4 млрд сом каралган

Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында 21-октябрдан 23-октябрга чейин “Билим берүүнүн натыйжаларын жакшыртууга системалык мамиле (SABER): мектептеги тамактануу” деген темада семинар өтүп жатат. Семинар БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын техникалык колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлүүдө. Билим берүү министрлиги билдиргендей, иш-чара SABER көрсөткүчтөрүнүн жана параметрлеринин негизинде мектептеги тамактануу программасын баалоого, кызыкдар тараптарды бириктирүүгө жана иш-аракеттердин багытын аныктоого […]Читать далее

Аймак

Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине 18 жаңы кызматтык унаалар тапшырылды

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында, облустук ички иштер башкармалыгана 18 даана жаңы кызматтык унаалардын ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери, жергиликтүү бийлик жана тармактын ардагерлери катышты. Облус башчысынын орун басары Максат Сыдыков, милиция кызматкерлерин […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда дан өсүмдүктөрү былтыркыга салыштырмалуу 167,3 миң тоннага көп жыйналды

2024-жылдын 21-октябрына карата республика боюнча дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жалпы 616,1 миң гектар, же 92,2 % аянтта жүргүзүлдү. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул өткөн жылга салыштырмалуу 104,3 миң гектарга көп. Буудай 235,9 миң га аянтта (98,1%) жыйналды, бул өткөн жылга караганда 44,8 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүгү 30,2 ц/га […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россияга болгон расмий сапарынын алкагында Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду. Министрлер кабинетинин төрагасын Кыргызстандын расмий делегациясынын мүчөлөрү коштоп жүрдү. Гүлчамбар коюлгандан кийин курман болгон жоокерлер бир мүнөт унчукпай эскерилди. Александр бакчасында Кремлдин дубалынын жанында жайгашкан Мемориалдык архитектуралык ансамбль 1967-жылы курулган.Читать далее

Экономика

Кыргызстанда жашоо минимуму 7,9 миң сомду түздү

2024-жылдын үчүнчү кварталында республика боюнча калктын жан башына жашоо минимумунун орточо баасы 7 миң 889,93 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалында айтылат. Маалыматка ылайык, эмгекке жарамдуу калк үчүн жашоо минимумунун өлчөмү айына 8 миң 827,33 сомду, пенсия курагындагылар үчүн 6 миң 992,34 сомду, балдар үчүн 6 миң 703,07 сомду түздү. Жашоо минимумунун эң […]Читать далее