Коом

Бишкекте троллейбус каттамдары убактылуу токтотулду

Бишкек шаарында 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун XI саммити өтөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу 4-7-ноябрь күндөрү борбор калаада троллейбустук каттамдар убактылуу токтотулду. Эскерте кетсек, иш-чаралар аяктагандан кийин троллейбус каттамдары кайрадан иштей баштайт.Читать далее

Коом

5-6-ноябрь күндөрү Бишкектеги көпчүлүк мекемелер аралыктан иштейт

Үстүбүздөгү жылдын 5-6-ноябрь күндөрү Бишкектеги мамлекеттик мекемелер Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине байланыштуу аралыктан иштөөгө өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, 5-ноябрда Кыргызстанга Түркиянын президенти, Венгриянын премьер-министри иш сапары менен келсе, 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтөт. Буга байланыштуу аталган күндөрү Эмгек кодексине ылайык, шаардагы мамлекеттик мекеме, министрликтердин кызматкерлери аралыктан иштейт. […]Читать далее

Коом

Жайкы дөңгөлөк менен жүргөн айдоочулар Сосновка, Чычкан, Арал постторунан өткөрүлбөйт

Жайкы дөңгөлөктөр менен жүргөн айдоочулар Бишкек – Ош жолундагы посттордон өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам ЖКККББ алыскы аймактарга каттаган жана жалпы айдоочуларды мындан ары кышкы дөңгөлөктөр менен гана жүрүүнү эскертет.   “Айрыкча алыскы аймактарга каттаган айдоочулар унааларынын дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырбай жолго чыкса, “Сосновка”, […]Читать далее

Министрлер кабинети

Бакыт Төрөбаев кагаз продукциясын чыгарган “Ак кайың” фабрикасынын ишмердүүлүгү менен

Жогорку сапаттагы таңгактоочу кагаздарды жана картондорду чыгарууга адистешкен “Ак кайың” фабрикасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев көчмө жыйын өткөрдү.   Ведомстводон белгилешкендей, фабрикада кайра иштетилген продукциядан кагаз баштыктар, ар түрдүү үлгүдө жана өлчөмдө каптар чыгарылат. Ишкананын сыноо лабораториялары өндүрүштүн бардык баскычтарында продукциянын […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров адамдык капиталды өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү” темасына арналган жыл сайын өтүүчү Улуттук форумда сүйлөгөн сөзүндө адам капиталын андан ары өнүктүрүү жана чыңдоо багытттарын жана артыкчылыктарын белгиледи.   “Өлкөнүн президенти жалпы мамлекеттик саясаттын негизи катары мектептик билим берүүнү трансформациялоо милдетин койду. Программа түзмө-түз “Алтын Казык” (“Ак жылдыз”) деп аталат, анткени балдарыбызга тез […]Читать далее

Аймак

Нарын облусундагы 42 айылды таза суу менен камсыз кылуу иштери

Нарын облусундагы 42 айылды таза суу менен камсыз кылуу иштери жүрүүдө.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү” мекемесинин жетекчилигинин Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында 42 айылда курулушу жүрүп жаткан иштер текшерилди.   Региондогу 42 айылдын […]Читать далее

Коом

Калкты тейлөө борборлору 5-6 ноябрда штаттык режимде иштейт

Кыргызстанда бардык Калкты тейлөө борборлору менен райондор аралык бөлүмдөрү 5-6-ноябрда штаттык режимде иштейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мекемелер 08:00ден 18:00гө чейин (12:00дөн 13:00гө чейинки түшкү тыныгуу) жарандарды тейлешет.   Ошондой эле 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөөгө байланыштуу КТБлар менен РАБдар бул күндөрү иштешпейт.   Документтештирүү маселелери боюнча […]Читать далее

Укук тартиби

Жайыт жерди өзүнө менчиктештирип алган “Кадастрдын” жетекчисине кылмыш иши козголду

Жайыт жерди өзүнө менчиктештирип алган “Кадастрдын” жетекчисине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасы маалымдады. Жалал-Абад областынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Аксы филиалынын жетекчиси жайыт жерди өзүнүн жеке менчигине бекитип алгандыгы аныкталды. Алсак, Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн токтому менен 2,0 га жайыт жер аянты […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров: Жыл аягына чейин ИДП жан башына $2500 тегерегинде

Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин ИДП жан башына 2500 доллардын тегерегинде болору күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү” темасына арналган жыл сайын өтүүчү Улуттук форумда сүйлөп жатып билдирди.   Минкаб башчысы Кыргызстанды жаңы бийиктиктерге көтөрө турган бирден-бир байлык, бирден-бир потенциал бул көп улуттуу элибизге мүнөздүү адамдык капитал экенин баса […]Читать далее

Коом

Бишкекте студенттер 5-6-ноябрь күндөрү аралыктан окушат

Бишкекте 5-6-ноябрь күндөрү бардык билим берүү мекемелери аралыктан окутууга өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мындай чечим Түркия президентинин, Венгрия премьеринин Бишкекке болчу сапары жана ордо калаада өтчү Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине байланыштуу кабыл алынган.   Эске салсак, 6-ноябрда борбор калаада Түрк мамлекеттеринин уюмунун кезектеги он биринчи […]Читать далее