Uncategorized @kg Саясат

Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны болуп өттү

2024-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жолугушууга Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов, Казакстандын Вице-премьер-министри – Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу, Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан, Өзбекстандын Тышкы иштер министри Бахтиер Саидов, Венгриянын Тышкы иштер жана […]Читать далее

Коом

Кыргызстан менен Түркиянын биринчи айымдары Эне жана баланы коргоо улуттук

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова менен Түркия президентинин жубайы Эмине Эрдоган Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барышты. Эмине Эрдоган Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстанга келген. Алар ооруканада дарыланып жаткан энелер жана балдар менен маектешип, тезирээк сакайып кетиштерин каалашты. Андан соң биринчи айымдар дарыгерлер жана медицина кызматкерлери менен баарлашты.Читать далее

Министрлер кабинети

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасына келди. Казакстандын Президентин “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды. Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышуу үчүн келди. Саммиттин ишине Уюмга […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатууга 11,2 млрд сом бөлүнөт

2024-2025-окуу жылында адамдык капиталды өнүктүрүү максатында көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу үчүн республикалык бюджеттен жана башка булактардан 11 млрд 25,4 млн сом кошумча бөлүнөт. Бул тууралуу министр Догдуркүл Кендирбаева 4-ноябрда Бишкекте өткөн “Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү” аталышындагы улуттук форумда билдирди. Министрдин билдирүүсү боюнча бөлүнгөн каражаттар төмөнкүдөй максаттарга жумшалат: мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан биргелешкен долбоорлорду ишке

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келген Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин жана инвестиция, энергетика, инфраструктура жана туризм сыяктуу түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. МинКаб Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров […]Читать далее

Коом

Жазаларды аткаруу кызматы бетон заводун ачты

Молдовановка айылында Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан курулган бетон заводу ачылды. Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарага Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев, юстиция министринин орун басары Зарылбек уулу Алмазбек, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, ошондой эле жергиликтүү бийликтин жана ЖАКтын жетекчилигинин өкүлдөрү катышты. Заводдун максаты – ЖАКтын мекемелерин Бишкек, Ош, Каракол жана Жалал-Абад шаардын чегинен […]Читать далее

Аймак

Ош шаарында жаңы таштанды полигонунун курулушу башталды

Ош шаарында жаңы таштанды полигонунун курулушу башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Кун мурун мэр Бакытбек Жетигенов «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы тарабынан эски таштанды полигонун калыбына келтирүү жана жаңы полигонду куруу иштеринин башталышы менен жеринен таанышты. Шаар башчысы мында жүргүзүлүп жаткан иштердин шаар үчүн маанилүү экенин белгилеп, курула баштаган жаңы санитардык полигон бардык зарыл болгон […]Читать далее

Экономика

МСК: Отунду маркалоо системасы киргизилгенден бери 105 миң тоннадан ашык

Мамлекеттик салык кызматы “Учкун” ААКсынын отунду маркалоо оператору менен биргеликте маркалоо системасы киргизилгенден бери 105,03 миң тонна бензин жана дизелдик отунду маркалады. Ведомстводон билдиришкендей, 58,07 миң тонна дизелдик отун жана 46,9 миң тонна бензин маркаланды. Мындан сырткары, октябрь айында милдеттүү маркалоо киргизилгенден бери КММга акциз салыгынан 513,3 млн сом келип түшкөн, бул өткөн жылдын ушул […]Читать далее

Аймак

Жумгалда дайынсыз болуп жаткандарды издөө бүгүн дагы уланууда

Жумгал районунда мал кайтаруу үчүн кеткен ата-бала 19 күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн аларды издөөгө жалпы 14 адам тартылды. Анын ичинде 7 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 6 адам. Белгилей кетсек, 16-октябрь күнү Өрнөк айылынын тургундары 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу […]Читать далее

Саясат

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга болгон расмий сапары аяктады

Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын 5-ноябрда Кыргыз Республикасына болгон расмий сапары аяктады.   Сапардын алкагында “Ынтымак ордодо” Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын расмий жолугушуу аземи болуп өттү.   Андан соң чакан жана кеңейтилген курамдарда сүйлөшүүлөр болуп, анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири спектри, ошондой эле […]Читать далее