Аймак

Камчыбек Ташиев Ош шаарына кирүүчү альтернативдик жолдун курулушу менен таанышты

Бүгүн, 11-ноябрда КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарына кирүүчү альтернативдик жолдун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жалпы узундугу 3.5 чакырымга жакын жолдун курулуш иштеринин солгундап жатышын сындап, тийиштүү жетекчилерди ыкчам кыймылдап, жумуштун жүрүшүн тездетүүнү талап кылды. Жолдун курулушунун алкагында буздурулушу керек болгон турак-жайларды мыйзам чегинде тургундарга компенсациясын төлөп […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Кветта шаарындагы терактка байланыштуу Пакистандын президентине жана премьер-министрине

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Пакистандын Президенти Асиф Али Зардариге жана өлкөнүн Премьер-министри Шахбаз Шарифке Кветта шаарындагы темир жол вокзалында болгон терактка байланыштуу көңүл айтты.   “Пакистандын Кветта шаарында террордук актынын кесепетинен күнөөсүз адамдар курман болду жана жабыр тартты деген суук кабарды чоң кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасы терроризмди жана анын жалпы тынчтыкка жана […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда жыл башынан бери ИДПнын көлөмү 1 трлн сомдон ашты

Жыл башынан бери экономикалык өсүштүн эң жогорку деңгээли байкалды, – деди Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов Бишкекте өткөн брифингде.   Анын маалыматына караганда, 2024-жылдын январь-октябрь айларында ички дүң продукция алдын ала маалымат боюнча 1 трлн сомдон ашып, 2023-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 9,6 пайызга өскөн.Читать далее

Президент

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 26-июнунда Астана шаарында кол коюлган 2009-жылдын 9-июнундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.   Мыйзам 2024-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.   Протокол менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун өз алдынча финансылык институт […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда жыл башынан бери 47 миң 576 жаранга пенсия чектелди

Кыргызстандын Социалдык фонду 2024-жылдын январь-октябрь айларында 47миң 576 жаранга пенсия чектеди. Фонддон белгилешкендей, анын ичинен октябрь айында 2 миң 183 жаранга пенсия чектелди. Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 637 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.Читать далее

Аймак

Жыл башынан бери Нарында өндүрүш, кайра иштетүү, тейлөө багыттында 86

Бүгүн, 11-ноябрда Нарын облустук коллегиясынын кезектеги отуруму өткөрүлуп, анда облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2024-жылдын 9 айындагы жыйынтыктары жана облустагы аткаруучулук тартиптин абалы тууралуу маселелер каралды.   Коллегиянын отурумунда 9 айда аткарылган иштер, тармактардагы негизги көрсөткүчтөр жана кемчиликтер боюнча КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А.Сапаров, Чечимдерди даярдоо, экспертизалоо жана аткаруу башкармалыгынын башчысы […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршад

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Эр-Рияд шаарына (Сауд Аравия Королдугу) болгон иш сапарынын алкагында Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушту.   Мындан ары кызматташууну тереңдетүү маселелери, ошондой эле Кыргызстандагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.   Мамлекет башчысы Фонддун ар кыл тармактардагы долбоорлорду каржылоого активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, […]Читать далее

Президент

Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты – жумуш берүүчү жана кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдар тарабынан кызматкердин алдындагы жоопкерчиликти камсыздандыруу боюнча милдеттерди аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликти киргизүү болуп эсептелет. Кабыл алынган […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда жаан, кар жаашы күтүлөт

Кыргызстанда 13-14-ноябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, 13-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, 14-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы […]Читать далее

Аймак

Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштери уланууда

Бүгүн Жумгал районунун Өрнөк айылында ата-баланы издөө иштери саат 9:28де башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, издөө ишине ӨКМден 5 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 18 адам, жалпы 33 адам жана 4 рация, 2 дүрбү, 1 куткаруу унаасы тартылды. Издөө иштери Кызыл-Коргон (Өрнөк) айылынын этегинен баштап, аскер көпүрөсүнө чейин […]Читать далее