Коом

Бишкекте -15 градуска чейин суук болушу күтүлөт

Бишкекте жакында абанын температурасы -15 градуска чейин төмөндөйт. Синоптиктердин маалыматына караганда, бүгүн борбор калаада жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз +5…+7, түнкүсүн -2…-4, 6-декабрда күн ачык, күндүз +3 … +5, түнкүсүн -3…-5 градуска чейин төмөндөйт, 7-декабрда жаан-чачын болбойт, абанын температурасы +1…+3, түнкүсүн -3 … -5, 8-декабрда кар жаайт, күндүз +2…+4, түнкүсүн -5…-7, 9-декабрда түнкүсүн кар жаайт, күндүз күн […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеште коррупцияга каршы аракеттенүүгө багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда

Жогорку Кеңештин жыйынында «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу Жоггорку Кеңештин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады. Аталган мыйзам долбоору тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетини төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берди. Анын айтымында, мыйзам долбоорунда төмөнкү өзгөртүүлөр сунушталууда: жубайы же жакын […]Читать далее

Экономика

Кыргызстандан 10 айда 23 миң тоннага жакын өрүк экспорттолгон

2024-жылдын 10 айында Кыргызстандан 23 миң тоннага жакын өрүк экспорттолгон. КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматына ылайык, кыргыз өрүктөрү негизинен Орусияга (17 050 тонна), Казакстанга (5476 тонна) жана Беларуска (105,1 тонна) экспорттолду. Республика боюнча 12,7 миң гектар аянттагы өрүк бактары мөмө берүү курагында, алардын көбү Баткен жана Ысык-Көл облустарына […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш Равшанбек Сабировду эмгек министри кызматына дайындоого макулдук берди

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Равшанбек Сабировду дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.   Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов министр кызматына талапкер тууралуу маалымат берип, президенттин сунуштамасы менен тааныштырды.   Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Равшанбек Сабировду эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаровдун Кореяга болгон расмий сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2-4-декабрда Корея Республикасына болгон расмий сапары аяктады. Сапардын алкагында 3-декабрда Мамлекет башчысы Сеул шаарындагы Улуттук мемориалга гүлчамбар коюу аземине катышты. Президент Кореянын көз карандысыздыгы үчүн курман болгон баатырларды эскерип, Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды. Андан кийин Садыр Жапаров Корея Республикасынын Президенти Юн Сок Ёль менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргызстан […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 12-жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 12-жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Атап айтканда, төмөнкү документтер кол коюлду: – Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 12-жыйынынын протоколу; ⁃ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык объектилерге Казакстан Республикасынын менчик укуктарын жөнгө салуу жөнүндө 2006-жылдын 4-июлундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган салыкчыларды кармады

Мамлекеттик салык кызматынын жогорку кызматтагы бир катар кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызматтын маалыматына караганда, кармалган салыкчылар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө.Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Сеулдагы Кыргызстан менен Кореянын Инвестициялык диалогуна катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда, Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Сеулда өткөн Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Инвестициялык диалогго катышты. Садыр Жапаров өз сөзүндө Кореянын Соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигине, Корея Республикасынын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлигине, ошондой эле бул маанилүү иш-чараны уюштурууга салым кошкон бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. Ал Кореяга болгон […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 12-жыйыны өттү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен Кыргыз Республикасына иш сапары менен келген Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы кезектеги 12-жыйынын өткөрүштү. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров быйылкы жылы эки мамлекеттин ортосунда жетишилген негизги жетишкендиктерге жана макулдашууларга токтолду. Анын ичинде союздук мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө Келишимге, ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-1ди […]Читать далее

Саясат

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасын толугу менен аяктады

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов ортосунда жолугушуусу болуп өттү.   Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын башчылары макулдашууга жетишип, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасын толугу менен аякташты […]Читать далее