Президент

Кыргызстан менен АӨБ ортосундагы Кредиттик жана Гранттык макулдашуулар ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ысык-Көлдү экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү” долбоорун каржылоо боюнча Кредиттик жана Гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.   Мыйзам 2024-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.   Финансы каражаттар Азия өнүктүрүү […]Читать далее

Президент

Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.   Мыйзам 2024-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.   Аталган Макулдашуунун максаты – инвестициялык ишмердүүлүк үчүн жагымдуу […]Читать далее

Экономика

Жыл башынан бери ишкерлерге 2 млрд сомдон ашык суммага кепилдик

Жыл башынан бери ишкерлерге 2 млрд сомдон ашык суммага кепилдик берилди.   Кепилдик фонддон билдиришкендей, кепилдик аркылуу ишкерлер 8 млрд 412 млн сом көлөмүндөгү кредиттик ресурстарга жетүүнү камсыздады.   Маалыматка таянсак, жалпысынан ишкерлерге фонд өз ишмердүүлүгү учурунда 10 987 кепилдик берип, 11 млрд 76 млн сомдон ашык суммада колдоо көрсөткөн. Анын натыйжасында алар 34,4 млрд […]Читать далее

Министрлер кабинети

Бакыт Төрөбаев Сеулда KOICA президенти менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) президенти Чан Вон Сам менен  Сеулда жолугушуу өткөрдү. Мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо жана аймактарды […]Читать далее

Коом

Шаардык балдар тез жардам ооруканасында кичинекей бейтаптар үчүн ыңгайлуу шарттар

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Шаардык балдар клиникалык тез медициналык жардам ооруканасына барды. Анда министр бөлүмдөрдү кыдырып, кызматкерлер менен баарлашып, бейтаптардын жана алардын ата-энелеринин жашоо шартын жакшыртууга багытталган чаралар менен таанышты.   Министр соматикалык имараттын кабыл алуу бөлүмүндөгү жаңы күтүү залына өзгөчө көңүл бурду. Аны кеңейтүүгө республикалык бюджеттен 18 миллион сом бөлүнгөн. Мындай чечимди былтыркы […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугушту

«Ынтымак Ордо» Президенттик Администрациянын имаратында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен өлкөгө иш сапары менен келген Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектеновдун жолугушуусу болду. Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 12-жыйынынын алкагында тар чөйрөдө жыйын өттү. МинКаб башчысы эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү кыргыз жана казак элдеринин көп кылымдык достугуна, жалпы маданиятка, тарыхка, тилге, руханий баалуулуктарга жана каада-салттарга негизделгенин […]Читать далее

Кадр саясаты

Равшанбек Сабиров эмгек министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сабиров Равшанбек Азатович эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Равшанбек Сабировдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.Читать далее

Кадр саясаты

Жылдыз Полотова эмгек министри кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Полотова Жылдыз Арстанбековна башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.Читать далее

Коом

ТИМ Түштүк Кореядагы кыргызстандыктарды сак болууга чакырат

Кыргызстандын Тышкы иштер инистрлиги Корея Республикасында аскердик абал жарыялангандыгына байланыштуу маалыматтык билдирүү таратты. Ага ылайык, министрлик Кореянын аймагында жүргөн КР жарандарына тынчтыкты сактап, сак болууга жана өтө зарыл болбосо жашаган жеринен чыкпоону катуу сунуштайт. “Өзүңүздүн коопсуздугуңуз үчүн жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн так аткарып, ар кандай коомдук иш-чараларга, өзгөчө саясий мүнөздөгү иш-чараларга катышуудан алыс болуңуз. Тышкы иштер […]Читать далее

Президент

Президент кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда, кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат: “Урматтуу мекендештер! Ардактуу кыргызстандыктар! Бүгүн уюткулуу элибиздин улуу мурасы, элдүүлүгүбүздүн башаты, кылымдарды карытып келе жаткан рухий кенчибиз – “Манас” эпосунун күнү! Мындан улам, Сиздерди “Манас” эпосунун күнү менен чын дилимден куттуктаймын! “Манас” үчилтиги – Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн символу! Элибизди эркиндикке […]Читать далее