Коом

Салык кызматы акциздик маркасы жок алкоголдук продукцияны аныктады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери акциздик маркалары жана коштомо документтери жок 1 949 даана алкоголдук продукцияны аныкташты. Тактап айтканда, рейддик салык контролунун жүрүшүндө Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылындагы “Жаңы-Арык” ички салык постунда “Тойота” үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө акциздик маркалары жана коштомо документтери жок 1 080 даана алкоголдук продукция табылган. Мындан тышкары, посттун кызматкерлери башка “Тойота” үлгүсүндөгү […]Читать далее

Коом

ЖКККББ: Акыркы коңгуроо иш-чарасы учурунда коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Акыркы коңгуроо” иш-чарасы учурунда көзөмөл күчөтүлөт. Атайын посттор коюулат. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы азыркы учурда баардык орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө, мугалимдерге жана ата-энелерге балдардын коопсуздугунун маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. “Акыркы коңгуроо” иш-чарасы учурунда да кызматкерлер баардык орто мектептерге бөлүнүшүп, коопсуздукту камсыздашат. Айрыкча бүтүрүүчүлөр эч кандай айдоого […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы көп

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагына көп тармактуу корпустун курулушун баштоо үчүн “мезгил кутусун” салды. Долбоорго ылайык, оорукана 350 орунга эсептелген, анда: изоляторлору бар кабыл алуу бөлүмү, гемопоэтикалык өзөк клеткаларын трансплантациялоо бөлүмү, онкология жана онкогематология үчүн реанимация бөлүмү, паллиативдик терапия бөлүмү, травматология, ортопедия жана микрохирургия, боорду трансплантациялоо […]Читать далее

Президент

Президент: Кыргызстанда дарыгерлер үчүн кошумча дем берүү программанын алкагында врачтардын

1-июлдан тарта алыскы райондордогу, кичи шаарлардагы жана айыл жерлериндеги саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштеген дарыгерлер үчүн кошумча дем берүү программанын алкагында, дарыгерлердин санын 200дөн 500гө чейин көбөйтүлөт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде сөз сүйлөп жатып, билдирди. Ал ошондой эле врачтын депозитинин кварталдык суммасы 38 миң сомдон 66 миң […]Читать далее

Укук тартиби

Бишкектеги түнкү башаламандык. УКМК чагымчыл видеону тараткандарды аныктады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү жана деструктивдүү саясий күчтөрү тарабынан чагымчыл видеоролик даярдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Атайын кызматтан билдиришкендей, УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, видеоролик Кыргызстандын аймагында кырдаалды туруксуздаштыруу, андан кийин бийликти күч менен басып алуу максатында даярдалгандыгы аныкталды. “Видеону даярдоого катышкан бардык адамдар аныкталып, учурда алардын мыйзамсыз […]Читать далее

Аймак

Баткенде III Эл аралык туристтик көргөзмө өттү

Бугун 22-майда Баткен облусунда үчүнчү ирет уюштурулуп жаткан «IBTE» фестивалы “Көчмөндөрдүн тамак ашы”, “Айгүл”, “Баткен күрүчү”, “Килем” көргөзмө фестивалдары менен башталды.   Анда аймакта өстүрүлгөн жана өндүрүлгөн экологиялык жактан таза, натуралдуу азык түлүктөр, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, кайра иштетүү жана жеңил өнөр ишканаларынын өндүргөн продукциялары коюлду.   Өзгөчө малинадан жана күрүчтөн жасалган токоч, дары чөптөрдөн жасалган […]Читать далее

Коом

Кыргызстандын аймагында үшүк жүрүшү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын аймагында күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына караганда, 24-майда күндүз жана 25-26-майда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. “26-майда күндүз жана 27-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 […]Читать далее

Коом

2025-2030-жылдарга Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын долбоору талкууланды

Бүгүн 2025-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын долбоорун жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планын талкуулаган жыйын болуп өттү. Отурумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Башкы прокуратура, Жогорку Кеңеш, укук коргоо жана мамлекеттик органдар, көз карандысыз эксперттер, ошондой эле илимий, бизнес жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Белгилей кетсек, стратегиянын долбоорунда коррупциянын алдын […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров социалдык-экономикалык өнүктүрүү деңгээлин жана калктын бакубаттуулугун жогорулатууга кошкон

“Жаңы кадам” социалдык мобилизациялоо боюнча Бүткүл республикалык кеңешмеге катышуунун алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров социалдык-экономикалык өнүктүрүү деңгээлин жана элдин бакубаттуулугун жогорулатууга кошкон салымы үчүн жарандарга сыйлыктарды тапшырды. Алар Министрлер Кабинетинин Ардак Грамоталары жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алкыштары менен сыйланышты. МинКаб башчысы Социалдык контракт программасынын ийгиликтүү жана натыйжалуулугун белгилеп, […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров: Кыргызстанда жарандарды турак жай менен камсыздоо багытында чечкиндүү

Жарандарды турак жай менен камсыздоо багытында чечкиндүү иштер кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде сөз сүйлөп жатып, билдирди. Президент Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу мамлекеттик кызматта иштегендерге гана эмес, жеке жактарга дагы ипотекалык негизде кезексиз батирлүү болуу мүмкүнчүлүгү пайда болгонун белгиледи. “Республика боюнча […]Читать далее