Бүгүн, 4-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 165 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1076 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 470 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.Читать далее
Күн мурун Өзбекстандан Ноокаттагы селден жабыркагандарга гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Санжарбек Зупаров баштаган делегациянын коштоосунда жалпы 95 тонналык гумжардамды ӨК министринин орун басары Акылбек Мазарипов, президентинин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ильяс Ташбаев тосуп алды. Гумжардамда ун, өсүмдүк майы, кум шекер жана башка […]Читать далее
2024-жылдын 5 айында Кыргызстандын 41 ишканасы Евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү реестрине киргизилди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жалпылап алганда учурда ЕАЭБдин бирдиктүү реестринде Кыргызстандын 395 ишканасы бар. ЕАЭБдин реестринде катталган ишканалар: сүт азыктарын өндүрүү – 44, бал өндүрүү жана сатуу – 67; балык өстүрүү, кайра иштетүү […]Читать далее
Акылбек Жапаров шайлоо процессинин жүрүшүндө модернизацияланган жабдуулар менен таанышты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго шайлоо процессинин жүрүшүндө шайлоочулардын катышуусунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында каралып жаткан модернизацияланган идентификациялык жабдуулар, электрондук жана аралыктан добуш берүү системалары прензентацияланды. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова белгилегендей, учурда добуш берүү жабдууларын жана шайлоону электрондук башкаруу программаларын жакшыртуу жана жаңыртуу боюнча уюштуруу, ошондой эле даярдык көрүү […]Читать далее
Ноокен районунда селден улам 300 үй-бүлө эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Белгиленгендей, күн мурун нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски-Кочкор-Ата, Бостон айылдарында кокту-колоттордон суу топтолуп, сел жүргөн. Селдин кесепеттерин жоюуга жерине жалпысынан 134 кызматкер, 13 инженердик техника тартылган. Тилекке каршы, Эски-Кочкор-Ата айылынын кичинекей тургуну Э.Ж. аттуу […]Читать далее
Бүгүн, 16-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районунун Кербен шаарындагы борбордук мечитке барып, жергиликтүү тургундар менен бирге Курман айт намазын окуду. Ошондой эле намазга келген жарандарды Курман айт майрамы менен куттуктап, ыйык күндө чалынган курмандыктар жана айтылган каалоолор кабыл болсун деген тилегин билдирди.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылындагы мечитте Курман айт намазына катышты.Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жалпы кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Төраганын куттуктоосунда мындай деп айтылат: “Ардактуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан ыйык Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Ислам дини кайрымдуулуктун, сабырдуулуктун жана биримдиктин дини. Андыктан, мусулман коомчулугундагы майрамдар да адамдар ортосундагы жакшы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда, Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты. Мамлекет башчысы майрамдык айт намазды мечитке келгендер менен бирге окуду.Читать далее
Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады. «Жеке өзүмдүн атымдан жана Азербайжан элинин атынан Сизди жана боордош элибизди ислам дүйнөсүнүн биримдигинин жана тилектештигинин символу болгон Курман айт майрамына байланыштуу менен чын жүрөктөн куттуктайм. Биз Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы жалпы маданий жана тарыхый […]Читать далее