Аймак

Ош, Баткен облустарында сел жүрдү

Бүгүн, саат 15:49 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулары Баткен облусунун Баткен районунда Айгүл-Таш – Согмент-Таян унаа жолунун 3-8 чакырымын кум шагылга толтуруп, жол каттам жабылган. Ошондой эле Кара-Булак а/а Кара-Булак айылында сел өтүүчү сайга сел суусу келгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине маалыматты тактоо иштерин жүргүзүүгө Баткен райондук ӨКБдан ыкчам топ тартылган. […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Шакиев: Жолдорду салууда заманбап ыкмалардын колдонулуп жаткандыгы кубандырат

Бүгүн, 8-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Ош облусундагы иш сапарын Өзгөн районунда улантты.   Тагыраагы, Төрага Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жолунун курулушу менен таанышты.   Азыркы тапта Бишкек-Ош жолу менен каттаган унаалар Өзгөн шаары аркылуу өткөндүктөн, калаада тыгын пайда болуп, тургундарга жана жолоочуларга ыңгайсыздык жараткан учурлар арбын. Ага ылайык, Өзгөн шаарын […]Читать далее

Аймак

Ноокатта 141 млн сомго соода-логистикалык борбор курулду

Ноокат районунун Байыш айылында 141 млн сомго “Ноокат алмасы” соода-логистикалык борбору ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, борбордун ачылыш аземине айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышты. Аталган логистикалык борбор “Ноокат алмасы” айыл чарба багбанчылык кооперативи тарабынан курулган.   Соода-логистикалык борбордун аянты 1140 чарчы метр, […]Читать далее

Экономика

Кытай-Евразиялык ЭКСПО: эки тараптуу 40тан ашык документтерге кол коюлду

Үрүмчү шаарында (КЭР СУАР) өткөн “Кытай-Евразиялык ЭКСПО” эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдары, ошондой эле бизнес-коомчулук ортосунда 40тан ашык документке жалпы суммасы 1,5 миллиард долларга кол коюлду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдады. Документтер энергетика, унаа куруу, логистика, соода жана тоо-кен сыяктуу тармактарды камтыйт. Белгилей кетсек, кол коюу аземине Кыргызстан менен Кытайдын […]Читать далее

Коом

Бишкектен троллейбус каттамдары толугу менен алынат

Бишкектен троллейбус каттамдары толугу менен алынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, мындай кадам менен шаар ичи троллейбус линияларынан тазаланып, учур талабына жараша мобилдүү автобустар эл ташууга киргизилет. “Биз бардык аракеттерибизди шаар тургундарынын ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү үчүн кылып жатабыз. Кыйма-чийме троллейбус линиялары алынат, азыр мына жарнамалык такталар да […]Читать далее

Спорт

V Көчмөндөр оюнуна спорттун улуттук түрлөрү боюнча 268 катышуучу аттанат

Казакстанда өтө турган V Көчмөндөр оюнуна Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциядан болжол менен 268 катышуучу аттанат. Бул тууралуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун милдетин аткаруучу Жеңишбек Нурчоро уулу “Кабар” агенттигине билдирди.   Анын айтымында, алардын арасында көк бөрүчүлөр, чабандестер, салбуурунчулар, белбоо, таяк тартыш боюнча спортчулар жана машыктыруучулар, атайын өкүлдөр бар.   “Учурда оюндарга биздин […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Алай районунда жаңы мектептин пайдубалына капсула салынды

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ош облусунун Алай районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдириди.   Алгач төрага Кең-Жылга айылында жайгашкан №27 Жоро Алимов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салды.   Белгиленгендей, аталган мектептин биринчи корпусу 1976-жылы курулган. Экинчи корпусу 2003-жылы ашар жолу менен салынган. Бирок авариялык абалга […]Читать далее

Аймак

Баткенде мунайды кайра иштетүүчү ири завод ишке берилет

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушу менен таанышты.   Энергетика министрлигинен билдиришкендей, өткөн жылы “Кыргызтранснефтегаз” мамлекеттик ишканасы менен “Кыргыз-Түрк К – НефтьГаз” ААКтын (Түркия) ортосунда мунай өндүрүү жана даяр продукцияны сатуу боюнча макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык, “Түндүк Сох” жана “Чонгара Галча” мунай кендери биргелешип иштетилет.   “Кыргызтранснефтегаз” […]Читать далее

Аймак

Энергетика министри Ош облусундагы күз-кышка карата даярдыктын жүрүшү менен таанышты

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош электр тармактары ишканасынын РЭТтеринде болду.   Энергетика министрлигинен билдиришкендей, алгач министр Кара-Кулжа РЭТинин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.   1965-жылы курулган РЭТтин эски имараты авариялык абалга келип, мындан ары пайдаланууга жараксыз болгондуктан, быйылкы жылы аталган РЭТтин кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу жана абоненттерди сапаттуу […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 176 айдоочу аныкталды

Кыргызстандын аймагында 1-июлдан 7-июлга чейин алдын ала маалымат боюнча 20 миң 589 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:   тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 232; мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 176; авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 64; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол […]Читать далее