Президент

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен 18-19-июлда мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Тараптар өз ара кызыкчылыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле […]Читать далее

Экономика

Нарын облусуна 6 айда 480,9 млн сом каржыланды

Нарын облусу боюнча 2024-жылдын 6 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 480,9 млн сом өлчөмүндө каржыланды. Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен: Теңдөөчү трансферт – 185,3 млн сом; Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 6,6 млн сом; Электрэнергияга болгон 50% компенсациясына – 35,0 млн сом; Мындан тышкары, Нарын облусунун жергиликтүү өз алдынча […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров: Кыргызстандын экономикалык өсүшү туруктуу өнүгүүнү көрсөтүп турат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиянын жыйынына катышты.   “Бул жыл чоң өзгөрүүлөрдүн башталышы болот. Башкача айтканда, белгилүү Азия жолборстору деп аталган Чыгыш Азия өлкөлөрүндөй чоң ийгиликтерге жетебиз деп үмүттөнөбүз. Алардын ийгилиги “жолборс секирик” деп аталса, “илбирстин секириктерин” жасап, алдыга жылгыбыз келет. Бир белгилүү экономист айткандай, […]Читать далее

Коом

Кыргызстан менен Малайзия халал индустриясы жаатындагы кызматташтыгын кеңейтет

Күн мурун Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев Малайзиянын Халал өнүктүрүү корпорациясынын (HDC) башкы директору Хайрол Ариффеин Сахари менен жолугушту. КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө халал индустриясын өнүктүрүү жаатында Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тажрыйба алмашуу, халал стандарттары боюнча продукцияны сертификациялоо, ошондой эле сертификациялоочу органдарды аккредитациялоо маселелери талкууланды. Малайзиянын Халал өнүктүрүү корпорациясы […]Читать далее

Экономика

6 айда ветеринардык кызматтын атайын эсебине 83 млн сомдон ашуун

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы тарабынан атайын каражаттарды чогултуу үчүн 2024-жылга карата жалпы суммасы 91 688 000 сом сметасы бекитилген. Буга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылында Ветеринардык кызматтын атайын эсебине 83 480 000 сом түштү, бул пландын аткарылышынын 523,9% ын түзөт. Ветеринардык кызматтын атайын эсебине түшкөн каражаттардын жалпы суммасы […]Читать далее

Коом

УКМК Камчыбек Ташиевдин атына жамынып, көйгөйлөрүн чечип берүүнү убада кылгандарга

Улуттук коопсуздук малекеттик комитети Камчыбек Ташиевдин атына жамынып, көйгөйлөрүн чечип берүүнү убада кылгандарга ишенбөөгө чакырат. Атайын кызмат акыркы мезгилде айрым белгилүү блогерлер жана интернет активисттери тарабынан абийирсиз иш-аракеттердин фактылары байкалып жатканын билдирет. Тактап айтканда, алар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, материалдык сый акы үчүн жарандардын ар кандай маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү […]Читать далее

Коом

Бакыт Төрөбаев “Элита” мамлекеттик ишканасынын иши менен таанышты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Аламүдүн районунун Байтик айылында “Элита” асыл-тукум станциясы” мамлекеттик ишканасынын ишин жакшыртуу боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Ведомстводон маалымдашкандай, жыйында министр Төрөбаев ишкананын учурдагы абалы менен таанышып, малдын асылдуулугун арттыруу багытындагы уруктандырууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ишкананын чарбасына тиешелүү 100 гектар жерге […]Читать далее

Президент

Президент селден жабыркагандарга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөөрүн билдирди

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине кезектеги маегин берип, анда Ош облусунда орун алган селден каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтып, селдин алдын алууга карата жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Өлкө башчысы мындан тышкары, маегинде көрүстөндөр жана ага байланыштуу көйгөйлөргө токтолду. — Саламатсызбы? — Саламатчылык. — Белгилүү болгондой, Ноокатта сел болуп, тилекке каршы, адамдардын өмүрүн алды. Көп узабай […]Читать далее

Президент

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда билим берүү тармагын реформалоого $40 млн

Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Секторду өнүктүрүү программасы: Мектептик билим берүүнү реформалоо), Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо), Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну (Кадимки операциялар [жеңилдетилген]) […]Читать далее

Коом

Аламүдүндө мыйзамсыз берилген 868 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Аламүдүн районунда мыйзамсыз берилип кеткен 868 млн сомдук жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Таш-Дөбө айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө 2011-жылы айыл өкмөттүн токтому менен Орто-Сай айылынын Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан аянты 4008 чарчы метр жер тилкеси 175 миң сомго мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталды. Ошондой эле Таш-Дөбө айыл […]Читать далее