Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 12-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам Кыргыз Республикасынын маалыматтык инфраструктурасынын санариптик туруктуулугун камсыз кылуу жолу менен инсанды, коомду жана мамлекетти коргоо максатын көздөгөн киберкоопсуздуктун бирдиктүү системасынын укуктук негиздерин белгилөө максатында кабыл алынган Алсак, аталган мыйзам киберкоопсуздук системасынын негиздерин, киберкоопсуздукту камсыздоонун субъекттерин […]Читать далее
“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 20-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Аталган мыйзам КР министрлер кабинети тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин, ошондой эле алардын стандарттарын бекитүүдө административдик тоскоолдуктарды азайтуу максатында кабыл алынган. Кабыл алынган мыйзам “Мамлекеттик […]Читать далее
Өткөн жылдын март айынан тарта Кыргызстандын мурдагы жарандары, алардын балдары жана неберелери мекендеш макамын алууга арыз берүүгө укуктуу. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Бул “Мекен-карт” документи Кыргызстандын аймагына тоскоолдуксуз кирүүнү жана калууну, билим берүү жана медицина кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн, уруксат берүүчү документтерди жол-жоболоштурбастан эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жана […]Читать далее
Баткен облусу боюнча 2024-жылдын 6 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 223,6 млн сом өлчөмүндө каржыланган, анын ичинен: 1. Теңдөөчү трансферт – 169,3 млн сом; 2. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (МКК эмгек акысы) –5,0 млн.сомго каржыланган, 3. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым […]Читать далее
Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын расмий курсун төмөндөтүүнү улантууда. Регулятор бүгүн, 18-июлга карата 1 доллардын расмий курсун 84 сом 94 тыйын деңгээлинде бекитти, ошентип курс 0,32%га төмөндөдү. Ал эми евро — 92 сом 96 тыйын, рубль — 96 тыйын, тенге — 17 тыйын. Коммерциялык банктарда доллардын орточо курсу: сатууда — 85 сом 57 тыйынды, сатып алууда […]Читать далее
Борбор калаада мэр Айбек Джунушалиевдин жетекчилиги астында жарандык коргонуу боюнча штабдын жыйыны өттү. Мамлекеттик органдардын, Бишкек шаарынын аймактык системасынын күчтөрүнүн жана каражаттарынын коркунуч жана өзгөчө кырдаалдар учурундагы даярдыгын талкууладык. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары Алтынбек Тухтаров Ала-Арча капчыгайындагы абал, тактап айтканда Адыгене көлү тууралуу маалымат берди. Картада […]Читать далее
Акыркы учурда айрым жарандар тарабынан жогорку кызматтагы адамдар менен тааныштыкка жана үй-бүлөлүк мамилелерге жамынып, ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерге барган учурлар көп катталууда. Бирок, өлкөнүн жогорку жетекчилигинин чечкиндүүлүгүнүн жана саясий эркинин аркасында атайын кызматтардын жана укук коргоо органдарынын алдына мындай көрүнүштөрдү түп-тамырынан жок кылуу жана бийликтегилер менен тууганчылыкка жана жакын мамилеге карабастан, кылмыш жасагандыгы үчүн жазанын […]Читать далее
Ошто сел каптаган 800дөн ашуун турак үй тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Куткаруучулар селдин кесепеттерин жоюп, жабыркаган жарандарга турак жайларын селден келип чыккан ылай жана таштандылардан тазалоого жардам беришти. Белгилей кетсек, 14-июлдагы нөшөрлүү жаандан кийин сел суулары Ош облусунун Кара-Суурайонунун Мады, Датка, Баш-Булак айыл аймактарындагы жана Ош шаарындагы жалпы 800дөн ашык турак үйгө, […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылынын эли үчүн жаңы оорукана курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда оорукананын курулуш-монтаждоо иштери 75 пайызга бүткөрүлүп, имараттын сыртын жасалгалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Объекттин курулушу 2019-жылдан бери республикалык бюджеттен каржыланып келет. Имарат эки кабаттан туруп, жалпы аянты 2 379 […]Читать далее
“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Президент Садыр Жапаров “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 12-июнунда кабыл алынган. Мыйзамда жер участокторун кошпогондо, рекреация объекттерин чет өлкөлүк жактарга жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга жеке менчикке берүүгө багытталган түзөтүүлөр каралган. Ошону менен бирге, рекреация объекттери катары […]Читать далее