Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо реконструкция иштери уланууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Бүгүн Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев стадионду реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн текшерди. Учурда демонтаж иштери бүткөрүлүп, жаңыдан куруу жана өңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат. Жеринде 250дөн ашык жумушчу иш алып барууда.Читать далее
Казакстандан келген гуманитардык жардам Кара-Суу районунун селден жабыркаган аймактарына жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Белгилей кетсек, “Биз биргебиз Казакстан” кайрымдуулук фонду казак элинин атынан Кыргызстандын түштүгүндө селден жабыркагандарга жардам жөнөткөн. “Чек арага чейин келген гуманитардык жардамды кыргызстандык куткаруучулар селден жабыркаган Кара-Суу районуна жеткиришти. 40 тонналык гуманитардык жардамдын ичинде кийим-кече, төшөнчү жана азык-түлүктөр бар”, […]Читать далее
Бүгүн Мамлекеттик салык кызматында ведомствонун 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына арналган коллегиянын отуруму өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов, коллегия мүчөлөрү, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле аймактык салык органдарынын жетекчилери катышышты. Жолугушууда Салык кызматынын иштеринин жыйынтыгын чыгарып, жарым жылдык үчүн […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун 18-19-июлда Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Ташкентте сапардын биринчи күнүндө “Куксарой” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болуп, андан соң алар тар жана кеңейтилген курамдарда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Мамлекет башчылары кыргыз-өзбек эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-июлда Өзбекстан Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Хива шаарындагы килем чыгаруучу ири ишкананын иши менен таанышты. 1973-жылы негизделген «Хива гиламлари» комбинаты 2020-жылы толугу менен реконструкцияланып, модернизацияланган. Баасы 24 млн доллар болгон ишкана жыл сайын 4,2 млн чарчы метр килем жана килем буюмдарын чыгарып, алар АКШ, Кытай жана КМШ […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-июлда Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин коштоосунда Хива шаарындагы “Ичан-кала” мамлекеттик тарыхый-архитектуралык музей-коругуна жана “Нуриллабой сарайына” барды. Президенттер жубайлары менен “ачык асман алдындагы музей” деп аталган “Ичан-кала” комплексине (ички чеп) барышты. Ичан-кала – Борбор Азияда сакталып калган жалгыз эстелик-шаар. Анда 120дан ашык архитектуралык эстеликтер орун алган. “Ичан-Кала” мамлекеттик […]Читать далее
Ошто селден улам үйү кооптуу абалга келгендерге 1 млн сомдон берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Оштогу селдин кесепеттери менен жеринен таанышуу учурунда айтты. Муниципалитеттен малымдашкандай, ал иш сапарынын алкагында Ош шаарынын борбордук базарында болуп, соодагерлер менен жолугушуу өткөрүп, сел жана суу ташкындарынын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров кытайлык “Sany” компаниясынын тең негиздөөчүсү, “Sany Heavy Industry” башкармалыгынын төрагасы Сян Вэньбону кабыл алды. Компания курулуш жана башка атайын оор техникаларды чыгарган алдыңкы компаниялардын катарына кирет. МинКаб Төрагасы “Sany” маркасындагы техникалар жана жабдуулар Кыргыз Республикасынын көптөгөн ири мамлекеттик долбоорлоруна тартылганын белгиледи. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан […]Читать далее
Бишкектин аймагында мыйзамсыз иштеп келген төрт диний балдар лагеринин ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК диний чөйрөдөгү тартипти камсыз кылуу, ошондой эле мыйзамсыз диний иштерге, экстремисттик жана террористтик көрүнүштөргө каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын аймагында белгиленген тартипти бузуу менен уюштурулган төрт диний балдар лагеринин ишмердигине бөгөт койду. […]Читать далее
Ош шаарындагы борбордук базар көчүрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев селден жапа чеккен жарандар менен жолукканда билдирди. Анын айтымында, базар дагы селдин кесепетинен жабыркабашы үчүн толугу менен көчүрүлөт. Анткени сел болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. “Эртең болобу, бир айдан кийин болобу, бир жылдан кийинби дагы сел болушу мүмкүн. […]Читать далее