2024-жылдын 18-июлуна карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” Долбоордун алкагында республиканын 8 663 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 422,74 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген. Анын ичинде: – “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 3 040,81 млн сом суммасында 7 480 субъектти түзөт; – “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 381,93 млн сом суммасында 1 183 субъектти түзөт. Аталган Долбоорду ишке ашырууга […]Читать далее
Кыргызстанда 15-июлдан 21-июлга чейинки бир жума аралыгында алдын ала маалымат боюнча, 21 миң 86 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 459; мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 193; авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 55; жөө жүргүнчүлөр […]Читать далее
Кыргызстанда айыл башчылар келишимдик негизинде жумушка алынууда. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү административдик-аймактык реформадан кийин айыл башчылардын штаттык бирдиги киргизилген жок. Буга байланыштуу 1014 адам кошумча келишимдик негизде айыл башчы кызмат ордуна дайындалды. […]Читать далее
Кыргызстанда административдик-аймактык реформа максатына жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы 13 аймак реформадан кийин 5 аймакка чейин кыскарды. Ал эми Нарын облусундагы 63 айыл аймак 27ге чейин азайды. Пилоттук негиздеги иштер […]Читать далее
Талас облусу боюнча 2024-жылдын 6 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 403,5 млн сом өлчөмүндө каржыланды. Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен: теңдөөчү трансферт – 96,5 млн сом; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (МКК эмгек акысы), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун аймагында 21-июль саат 09:06да очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Ак-Булак айлынынан түштүк-чыгышка карай 10 чакырым жана Каракол шаарынан түндүк-чыгышка карай 43 чакырым аралыкта жайгашкан. Калктуу конуштарда – Ак-Булак айылында жердин силкинүүсү 2,5 баллга чейин сезилген.Читать далее
Ташкент шаарындагы “Кѳгүлтүр күмбѳздѳр” сейил паркында кечээ түнүндѳ Кыргызстандын Ѳзбекстандагы маданият күндѳрүнүн жабылышына арналган салтанаттуу азем жана гала концерт ѳттү. Аземдин башталышында Өзбекстандын маданият министринин биринчи орун басары Абасхон Таджиханов жана Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Темирлан Ажымалиев бул иш-чара Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда бекем байланыштарды жана узак мөөнөттүү […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда алдыда боло турган ХХХІІІ жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алган спортчулар менен жолугушуп, Кыргызстандын курама командасынын капитаны Акжол Махмудовго Мамлекеттик тууну тапшырды. Мамлекет башчысы олимпиадачылардын алдында сүйлөп жатып, Олимпиада – бул дүйнөлүк масштабдагы иш-чара экенин, дүйнөлүк спорт тарыхында абдан маанилүү орунду ээлерин белгиледи. Ошондуктан Олимпиадада ар бир өлкө жалаң алдыңкы […]Читать далее
Сузакта Кара-Суу дарыясында суунун деңгээли көтөрүлгөнүнө байланыштуу коопсуз жайга эвакуациялангандар үйлөрүнө кайтып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун саат 15:30дар чамасында Аксы районуна караштуу Кара-Камыш, Сары-Челек айыл өкмөттөрүндө кыска мөөнөттүү жааган жаандан улам сел кырсыгы катталып, 56 турак үйгө суу каптоо коркунучу жаралган. Аталган турак жайдын жашоочулары коопсуз аймакка эвакуацияланып, 3 турак […]Читать далее
Сузакта Кара-Суу дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, жакын жашаган тургундар эвакуацияланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн саат 15:30дар чамасында Аксы районуна караштуу Кара-Камыш айыл аймагына кыска мөөнөттө жааган жамгырдан Кезарт сел каналынан суулар ашып, Кара-Суу дарыясына толуп, жакын жайгашкан 56 турак үйгө суу каптоо коркунучун жараткан. Жерине райондук өзгөчө кырдаалдар […]Читать далее