Экономика

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасы дээрлик 3 эсеге – 27,25%дан 12,25%га чейин төмөндөдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзамдын максаты ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, активдүүлүккө кызыктыруу, финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана бизнес үчүн финансылык оорчулуктарды жеңилдетүү жана аларды көмүскө экономикадан чыгаруу болуп саналат. Тактап айтканда, Мыйзамга ылайык, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин […]Читать далее

Кырсык

Жыл башынан бери селдин кесепетинен 22 адам каза болду

Кыргызстанда жыл башынан бери селдин кесепетинен 22 адам каза болду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.   Министрдин биринчи орун басары кырсыктан каза болгондордун 15и өспүрүмдөр экенин белгиледи.   “Анын ичинде Ош облусунда – 15, Ош шаарында – 5, Жалал-Абад облусунда – 1 жана Баткен […]Читать далее

Кырсык

Кыргызстанда жыл башынан бери 311 сел кырсыгы катталды

Кыргызстандын аймагында жыл башынан бери 311 сел кырсыгы катталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов билдирди.   Анын айтымында, бул өткөн жылдагы сел кырсыктарына салыштырмалуу 50%га көптүк кылат.   “Сел кырсыктарынан улам келтирилген материалдык чыгым 1,1 млрд сомду түзүүдө. Ал эми Ош шаарында, Ош облусунда жана […]Читать далее

Президент

Кыргызстанда Аталар жана Энелер күндөрү белгиленет

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.   Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.   Кабыл алынган Мыйзам менен жыл сайын белгиленүүчү Аталар күнү (15-март) жана Энелер күнү (майдын үчүнчү жекшембиси) белгиленет.   Мыйзам үй-бүлө институтун бекемдөөгө, ошондой эле […]Читать далее

Президент

“КР Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.   Мыйзам 2023-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.   Бул Мыйзамдын максаты мамлекеттик үлүшкө катышкан чарбакер коомдорду башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик үлүшкө катышкан чарбакер коомдордун наркынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу жана капиталдын жергиликтүү жана […]Читать далее

Президент

“Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 6-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (“Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар” долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.   Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.   Бул Макулдашуу жогорку кесиптик билим берүү системасында […]Читать далее

Коом

Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун XXII жыйыны өтүүдө

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун XXII жыйыны башталды.   Иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлору, андан тышкары ШКУ катчылыгынын, ШКУнун терроризмге каршы аймактык түзүмдөрүнүн жана эл аралык прокурорлор ассоциациясынын жетекчилери катышууда.   Жыйындын жүрүшүндө Россия, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Индия, Пакистан, Иран, Беларустун башкы прокурорлору, ошондой эле ШКУ катчылыгынын, ШКУнун терроризмге […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда Meken брендиндеги ноутбуктар чыгарыла баштайт

Кыргызстанда Meken брендиндеги ноутбуктар чыгарыла баштайт.   “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунан билдиришкендей, “Кыргызэлектроника” ишканасы Meken брендиндеги ноутбуктарды чогултуу процессин колго алды.   Алар буга чейин кытайлык Clovertek Industries компаниясынан электрондук компьютерлердин жана жабдуулардын сыноо үлгүлөрүн алган. Аталган компания Аcer, Lenovo сыяктуу көптөгөн дүйнөлүк бренддердин атынан ноутбуктар жана планшеттер үчүн тетиктерди чыгарган атактуу компаниялардын бири экени […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге жөнөп

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда, Франциянын президенти Эмманюэль Макрондун чакыруусу менен XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Франциянын Париж шаарына жөнөп кетти.   Сапардын алкагында Садыр Жапаровдун “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк – жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы Париж саммитине катышуусу да пландалган.   Бул иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргыз […]Читать далее

Президент

Бир мандаттуу Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды

Президент Садыр Жапаров “№ 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.   № 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, КР Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, “КР президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо […]Читать далее