Коом

Ички иштер органдарынын 25 жетекчиси тартип жазасына тартылды

 Кызматтык милдеттерин аткарууда кетирген кемчиликтери үчүн ички иштер органдарынын бир катар жетекчилерине тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин жылдан биринчи жарымындагы аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурумда айтылды. Коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн ички иштер органдарынын 25 жетекчиси тартиптик жазага тартылды. Анын ичинен бирөөсү кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду. “Бир […]Читать далее

Укук тартиби

Ошто милициянын инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды

Ошто милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлү пара алып жаткан жеринен кармалды. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, К.Р. аттуу жаран Ички иликтөө кызматына арыз менен кайрылып, “К” аттуу милиция кызматкерине чара көрүүнү суранган. Анткени, ал мал уурдоо фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуу жолу менен 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган. Аталган факты боюнча “Опузалап […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Францияда Париж саммитине катышты

Президент Садыр Жапаров Франциянын Париж шаарында “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк – жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы саммиттин ишине катышты. Эл аралык олимпиада комитети жана Франция президентинин канцеляриясы тарабынан уюштурулган иш-чарага 500гө жакын катышуучу: мамлекет жана өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын лидерлери, спортчулар жана спорттук кыймылдын, ошондой эле финансылык өнүктүрүү институттарынын өкүлдөрү катышты. […]Читать далее

Коом

Эмгек министри майыптыкты аныктоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин киргизүүнү тездетүүнү тапшырды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова бүгүн биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиянын жүрүшүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга майыптуулукту аныктоонун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин киргизүүнү тездетүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. “Министрлик тарабынан майыптыкты аныктоо жана чечүү ыкмаларын өзгөртүү боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүүдө. Кызматкерлерди кайрадан аттестациялоого, жол-жоболорду автоматташтырууга, материалдык-техникалык базаны жакшыртууга өзгөчө […]Читать далее

Кырсык

Токмок шаарында кампадан ири өрт чыкты

Токмок шаарынын Панфилов көчөсүндө жайгашкан кампадан ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 13:10дө чектөөгө алынган. Өрттүн аянты болжол менен 4000 чарчы метрди түзөт. Учурда толук өчүрүү иштери жүрүүдө.Читать далее

Коом

ИИМ: Кыргызстанда кылмыштуулук 16 пайызга азайды

Кыргызстанда 6 ай аралыгында ички иштер органдарында 19 миң 411 кылмыш катталып, былтыркыга салыштырмалуу 16%га азайган. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинде жарым жылдын жыйынтыгы боюнча ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурумда айтылды. Ведомстводон билдиришкендей, ага министр Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ички иштер органдарынын жана ички аскерлердин жетекчилери катышты. Жыйында ички иштер органдарынын 2024-жылдын 6 […]Читать далее

Министрлер кабинети

МинКаб төрагасы: Электрондук коммерциянын өнүгүшү менен почтальон кайрадан заманыбыздын каарманына

Электрондук коммерциянын өнүгүшү менен почта кызматы жанданып, почтальон дагы бир жолу биздин замандын каарманына айланууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан электрондук коммерция боюнча экинчи эл аралык форумдун ачылышында видеоконференция аркылуу билдирди. “Бул маанилүү иш-чара электрондук соода тармагындагы алдыңкы эксперттерди, […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров алдыңкы медициналык илимий кластердин демонстрациялык модели менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборундагы медициналык илимий кластердин демонстрациялык модели менен таанышты. Анда минкаб башчысы моделдин негизги элементтерин, анын ичинде лабораторияларды, илимий борборлорду жана стартаптарды карап көрүп, бул илимий инфраструктуранын медицина үчүн маанисин белгиледи. “Илимий кластерди түзүү – бул биздин медицинаны модернизациялоого жана жогорку технологияларды өнүктүрүүгө жасалган кадам. […]Читать далее

Коом

Оштогу жаңы муниципалдык базардын курулуш иштери кызуу жүрүүдө

Ош шаардык мэриясы тарабынан жаңы муниципалдык базарды куруу иштери жүрүп жатат. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн мэр Бакытбек Жетигенов Б.Осмонов көчөсүндө жүрүп жаткан муниципалдык базардын курулуш иштерин жеринен көрүп чыкты. Жаңы базар “Мегаполис” соода борборунун маңдайына курулууда. “Учурда базардын аймагындагы жер тилкесинде курулуш иштерин эки нөөмөттө жүргүзүү үчүн электр мамычалары жана чубалгылары орнотулууда. Курулуш иштерине 15тен ашык […]Читать далее

Коом

Бишкекте 1-сентябрдан тарта 44 мектепте сабак саат 7:30да башталат

Бишкек мэриясынан канча мектепте окуу саат 8:00дөн эрте башталарын айтып беришти. Муниципалитеттен билдиришкендей, кабыл алынган токтомдун алкагында окуу сааттары эртең мененки саат 8:00дөн эрте башталышы мүмкүн экендиги белгиленген. Бүгүнкү күндө 103 муниципалдык мектеп 198 миң 129 балага билим берет, алардын долбоордук кубаттуулугу сменасына 89 миң 893 окуучуга туура келет. 198 миң 129 окуучунун ичинен 90 […]Читать далее