Кырсык

Чаткалда кар көчкүнүн астында калгандардын барынын сөөгү табылды

Бүгүн, 19-октябрда таң эрте издөө иштеринин натыйжасында Ак-Сай жайлоосунан изделип жаткан 3 адамдын сөөгү куткаруучулар тарабынан саат 10:30да табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Белгилей кетсек, ӨКМ тарабынан Чаткал районунун алыскы Ак-Сай жайлоосунда кар көчкүнүн астында калышы мүмкүн болгон 6 жаран изделип жаткан.   Алардын ичинен 3 адамдын сөөгү кечээ,18-октябрда табылып, тик учак […]Читать далее

Аймак

Кара-Суу темир жол бекетинин 242 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын Кара-Суу бекетиндеги 242 млн 50 миң сомго бааланган жер тилке мамлекеттик менчикке кабыл алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.   Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын Түштүк бөлүмүнө караштуу Кара-Суу бекетинин имараттары жайгашкан жана ага тийиштүү жалпы 10 443,5 м2 түзгөн жер тилкелерине бүгүнкү күнгө чейин […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров: Кыргызстан ТМУнун алкагында жаңы демилгелерге даяр

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) экономика жана соода министрлери менен жолукту.   Жолугушууда минкаб төрагасы ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн экономикалык кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгилеп, акыркы жылдары Кыргызстандын ТМУга мүчө-өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү дээрлик 62%га өскөнүн, анын ичинде экспорт 54,6%га, импорт дээрлик 66%га өстү.   “Биз туура багытта бара жатабыз, бирок ушуну менен токтоп калбашыбыз […]Читать далее

Президент

Президент социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин кесиптик майрамы менен

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, өлкөнүн Социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.   Мамлекет башчысынын куттуктоосу:   «Урматтуу социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлери!   Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!   Бул күн боорукер, кайрымдуу жана мээримдүү, жашоосунун көпчүлүк бөлүгүн жардамга муктаждарга арнаган адамдардын майрамы. Күн сайын […]Читать далее

Министрлер кабинети

Эдил Байсалов Россиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.   Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсү, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.   Тараптар ошондой эле өнөктөштүк мамилелерди мындан […]Читать далее

Экономика

Республика боюнча 402 миң абонент газга кошулду

Республика боюнча бүгүнкү күндө 402 миң абонент газга кошулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгын чыгарган коллегиясында маалым болду.   Ведомствонун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 9 айына карата жаратылыш газын пайдалануунун көлөмү 303 млн куб метрди түздү.   Энергетика министри Таалайбек Ибраев белгилегендей, Бишкек шаары жана Чүй облусунун калктуу конуштарына газ түтүктөрүн тартуу […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров “АгроТехЭкспо — 2024” көргөзмөсү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта уюштурулган “АгроТехЭкспо — 2024” агротехникалык көргөзмөсүнө жана “Алтын күз” жарманкеси менен таанышты.   Минкаб төрагасы айыл чарба техникалары коюлган көргөзмө менен таанышып, көргөзмөнүн катышуучулары, жер семирткичтерди жана үрөөндөрдүн түрүн чыгырган ата мекендик өндүрүүчүлөр менен баарлашты.   Акылбек Жапаров өлкө үчүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн […]Читать далее

Коом

Жыл башынан бери жалпы кубаттуулугу 45,9 МВт 6 чакан ГЭС

Биздин башкы милдет – калкты 24 саат бою үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 2024-жылдын тогуз айынын жыйынтыгын чыгарган коллегияда билдирди.   Анын айтымында, быйыл план боюнча энергетика тармагындагы ар бир ишкана керектүү жабдуулар, техникалар менен жеткиликтүү камсыздалып, калкка электр энергиясы менен жылуулук үзгүлтүксүз жана сапаттуу берилет.   “Бишкек Жылуулук […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда жыл соңуна чейин 20 мунай скважинасы ишке берилет

Кыргызстанда жыл соңуна чейин 20 мунай скважинасы ишке берилет. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.   Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, “Кыргызтранснефтегаз” мамлекеттик ишканасы “Кыргыз-Түрк К-НефтьГаз” ААКсы менен биргеликте 7 мунай скважинада оңдоо жана даярдоо иштери жүргүзүлүп, 2024-жылдын 25-сентябрынан тартып мунай өндүрүлүп баштады. 2024 жылдын аягына чейин дагы 20 скважина ишке берилет.   Ошондой эле “Кыргыз-Түрк К-НефтьГаз” ААКсы […]Читать далее

Коом

Ош шаарында дагы 278 батирлүү ипотекалык турак үйдүн курулушу башталды

Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан Краснофлотская көчөсүнүн №5-б дарегинде көп кабаттуу үйдүн курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Капсула салуу аземине Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, башкы прокурорунун орун басары Малик Бектурганов, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.   Долбоорго ылайык, курула турган 9 кабаттуу турак үй 278 […]Читать далее