Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россияга болгон расмий сапарынын алкагында Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду. Министрлер кабинетинин төрагасын Кыргызстандын расмий делегациясынын мүчөлөрү коштоп жүрдү. Гүлчамбар коюлгандан кийин курман болгон жоокерлер бир мүнөт унчукпай эскерилди. Александр бакчасында Кремлдин дубалынын жанында жайгашкан Мемориалдык архитектуралык ансамбль 1967-жылы курулган.Читать далее

Экономика

Кыргызстанда жашоо минимуму 7,9 миң сомду түздү

2024-жылдын үчүнчү кварталында республика боюнча калктын жан башына жашоо минимумунун орточо баасы 7 миң 889,93 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалында айтылат. Маалыматка ылайык, эмгекке жарамдуу калк үчүн жашоо минимумунун өлчөмү айына 8 миң 827,33 сомду, пенсия курагындагылар үчүн 6 миң 992,34 сомду, балдар үчүн 6 миң 703,07 сомду түздү. Жашоо минимумунун эң […]Читать далее

Коом

Бишкекте эртеңден тарта жылуулук бериле баштайт

Бишкекте эртеңден тарта жылуулук бериле баштайт.   “Кабар” агенттигине мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Бишкек шаары боюнча метеорологиялык болжолдоонун жана абанын температурасын, жакынкы күндөрдө анын өзгөрүү динамикасын эске алуу менен, штаб борбор калаада жылытуу мезгилин 2024-жылдын 22-октябрынан тарта баштоо чечимин кабыл алды.   Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Айбек Жунушалиев кол койду.   Жылуулук берүү бир […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда акыркы жумада эреже бузган 152 мас айдоочу аныкталды

Кыргызстанда 14-октябрдан 20-октябрга чейинки бир жума аралыгында алдын ала маалымат боюнча, 18 366 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:   тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 466; мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 152; авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 64; жөө жүргүнчүлөр катышкан […]Читать далее

Экономика

Кыргызстан жыл башынан бери 8,7 тонна алтын экспорттоду

Кыргызстан жыл башынан бери 8 тоннадан ашык алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сегиз айдын жыйынтыгы боюнча берген маалыматында айтылат.   Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында өлкөбүздөн 639,6 миллион долларга 8 тонна 724,6 килограмм алтын экспорттолгон. Ал эми өткөн жылдын биринчи жарымында 302 миллион долларлык 4,8 тонна алтын экспорттолгон.   Алтын төмөнкү өлкөлөргө […]Читать далее

Маданият

Москвада Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата маданий иш-чара

Москва шаарына расмий сапар менен келген Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоого карата Россиянын Мамлекеттик академиялык чоң театрында уюштурулган Кыргызстандын Россиядагы Маданият жана искусство күндөрүнүн ачылыш аземине катышты.   Ачылыш аземи РФ президенти Владимир Путин жана КР президенти Садыр Жапаровдун […]Читать далее

Аймак

Алайда жер титиреди

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, 20-октябрь күнү саат 23:44тө Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда (φ = 39° 25´с.ш.λ = 73° 40´в.д.) күчү 4,5 магнитудага жеткен жер титирөө катталган.   Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3,5 балл, Бор-Дөбө айылында 3 баллга (Нура айылынан 29 чакырым түштүк батышта, Икизяк айылынан 30 чакырым түштүк […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров агроөнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, өлкөнүн агроөнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу:   “Урматтуу агроөнөр жай тармагынын кызматкерлери!   Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Айыл чарбасы – өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн негизи. Ал экономика секторунун артыкчылык берилген башкы багыттарынын бири болуп саналат.   Мына ушундай маанилүү […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров расмий сапар менен Россияга келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров расмий сапар менен Россиянын Москва шаарына келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.   Минкаб төрагасы Акылбек Жапаровду “Внуково 2” эл аралык аэропортунан РФ тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.   Аэропортто Кыргызстан жана Россиянын желектери илинип, ардактуу кароол тизилди.   Өз ара саламдашуудан кийин эки мамлекеттин гимндери […]Читать далее

Кырсык

Чаткалда кар көчкүнүн астында калгандардын барынын сөөгү табылды

Бүгүн, 19-октябрда таң эрте издөө иштеринин натыйжасында Ак-Сай жайлоосунан изделип жаткан 3 адамдын сөөгү куткаруучулар тарабынан саат 10:30да табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Белгилей кетсек, ӨКМ тарабынан Чаткал районунун алыскы Ак-Сай жайлоосунда кар көчкүнүн астында калышы мүмкүн болгон 6 жаран изделип жаткан.   Алардын ичинен 3 адамдын сөөгү кечээ,18-октябрда табылып, тик учак […]Читать далее