Коом

Кыргызстанда 9 айда 86 миңден ашык эмгек мигранттарынын балдары көзөмөлгө

 Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 9 айында 86 миңден ашык эмгек мигранттарынын балдары аныкталып, көзөмөлгө алынган. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде 72 миңдей баланын (83,7%) ата-энеси чет мамлекетке чыгып кеткен. Жалпысынан 296 миңден ашуун үй-бүлөлүк текшерүүлөр уюштурулуп, алар эмгек мигранттарынын балдарын, балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук учурларын алдын алуу жана аныктоо максатында жүргүзүлүүдө.Читать далее

Коом

Tunduk тиркемесинде дагы бир жаңы онлайн-кызмат жеткиликтүү болду

Tunduk тиркемесинде дагы бир жаңы онлайн-кызмат жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, эми турак-жай ээлери түз эле Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу өздөрү жашаган дарек боюнча канча адам катталганы тууралуу маалыматты биле алышат: – кызмат: “Дарек боюнча катталган жарандар жөнүндө маалымкат”; – баасы: 200 сом; – жарактуу мөөнөтү – 1 ай. Маалыматты […]Читать далее

Аймак

Камчыбек Ташиев “Альфа” атайын кызматынын түзүлгөн күнү менен куттуктады

Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Ош башкы башкармалагында “Альфа” атайын багыттагы кызматынын өздүк курамын куттуктоо аземине катышты. Ташиев 32 жылдыгы белгиленип жаткан “Альфа” бөлүгүнүн элиталык аскер кызматкерлерин куттуктап, сөз сүйлөдү. Майрамдык иш-чарага УКМКнын “Альфа” атайын багыттагы кызматынын Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы башкармалыктарынын жетекчилери жана өздүк […]Читать далее

Президент

Президент дайынсыз болгон Жумгал районунун Өрнөк айылынын тургундарын издөөнү күчөтүүнү

Президент Садыр Жапаров дайынсыз болгон Жумгал районунун Өрнөк айылынын тургундарын издөөнү күчөтүүнү тапшырды. Өлкө башчысынын тапшырмасы менен Жумгал районунун Өрнөк айылынын дайынсыз жоголгон тургундарын: 49 жаштагы К.Б. жана анын 9 жаштагы уулу С.Б. издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ички иштер министрлигинин кошумча күчтөрү тартылды. Издөө натыйжалуулугун жогорулатуу максатында дрондор дагы колдонулмакчы. Учурда издөө иштери […]Читать далее

Министрлер кабинети

Эдил Байсалов “Кытай – Борбордук Азия” 11-кызматташтык форумуна катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытайдын Нинся-Хуэй автономдуу районунун Иньчуань шаарында өткөрүлгөн “Кытай — Борбордук Азия” 11-кызматташтык форумуна катышты. Эдил Байсалов өз сөзүндө бул иш-чара Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы салттуу достук мамилелердин тереңдешине жана кеңейишине жаңы динамика кошоорун белгиледи. Минкаб төрагасынын орун басары 11-форумдун “Жалпы үй куруу үчүн жашыл экономиканын өнүгүүсүнө […]Читать далее

Экономика

Жалал-Абад облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 140,3 млн сомго 82

Жалал-Абад облусу боюнча 2024-жылдын 9 айына карата  дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 140,3 млн сом суммасында 82 долбоор каржыланды. Сузак району 7 объектисине 18,3 млн сом; Чаткал району 3 объектисине 3,5 млн сом; Аксы району 13 объектисине 23,2 млн сом; Тогуз-Торо району 11 объектисине 12,4 млн сом; Токтогул району 10 объектисине 10,7 млн сом; Ала-Бука […]Читать далее

Аймак

Ош шаарына 30-октябрдан тартып жылуулук бериле баштайт

Ош шаарында 29-октябрдан 30-октябрга караган түнү жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев билдирди. Анын айтымында, жылуулук этап-этабы менен 3-4 күндө толук жетет. Биринчи кезекте ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине, андан кийин турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерге берилет.Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев: Дүйнөлүк банк биздин негизги өнөктөшүбүз

Вашингтондо Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жылдык жолугушуусунун алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын операциялар ишмердүүлүгү боюнча директору Анна Бьерде менен жолугушту. Жолугушууда тараптар Кыргызстандын жана бүтүндөй Борбор Азия аймагынын энергетикалык коопсуздугун жана экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык долбоору болгон Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга байланышкан маселелерди талкуулашты. Адылбек Касымалиев […]Читать далее

Укук тартиби

Кыргызстанда бир суткада 73 мас айдоочу кармалды

Дем алыш күндөрүнүн соңунда Кыргызстандын аймагында “Бахус” аталышында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында өткөрүлгөн рейддик иш-чаранын алкагында сутка ичинде жол эрежелерин бузган 4352 айдоочуну аныкталды. Анын ичинен: мас абалында унаа башкарган 73 айдоочу, карама-каршы тилкеге чыккан 35 айдоочу; ылдамдыкты ашырып […]Читать далее

Коом

Мэрия: Автобекетти көчүрүүгө Бишкектин кеңейиши жана шаар калкынын өсүшү себеп

Бишкек мэринин транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча орун басары Жамалбек Ырсалиев калаадагы автобекеттин көчүрүлүшүнүн себебин түшүндүрдү. Анын айтымында, буга чейин элди тейлеп келген чыгыш жана батыш автобекеттери жайгашкан жер шаардын чети болуп саналып, курулуш ушул жерге түшкөн. “Ал эми азыр Бишкек шаарынын аймагынын кеңейиши жана калктын санынын өсүшүнө байланыштуу автобекеттерди сыртка чыгаруу учурдун талабы […]Читать далее