Укук тартиби

Жыл башынан бери чет өлкөлөрдөн 69 кыргызстандык экстрадицияланды

2024-жылдын январь-октябрь айына чейин Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн кылмыш жоопкерчилигине тартуу, же сот өкүмүн аткаруу максатында 69 адам экстрадицияланган. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, ошол эле учурда Кыргызстандан чет элдик өнөктөштөрдүн суроо-талаптары боюнча 38 кылмышкер өткөрүлүп берилген. Мисалы, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Россиянын Башкы прокуратурасынын 1974-жылы туулган В.П. аттуу Молдованын жаранын курал колдонуп, ден соолукка оор залал келтирген жана […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда соцконтракт менен келишим түзгөн 34 жаран пайызсыз насыя алды

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 34 жаран пайызсыз насыя алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камыздоо жана миграция министрлиги билдирет. Эске салсак, Кыргызстанда социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз насыя берүү программасы бекитилген. Программанын максаты – социалдык контракттын катышуучуларына мурда алынган каражаттар менен уюштурулган бизнести же көмөкчү чарбаны кеңейтүү, колдоо үчүн пайызсыз кредиттерди берүү. Ишкердик субъекти катары […]Читать далее

Коом

Аралыктан добуш берүү үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 6-ноябрга чейин

Кыргызстанда 17-ноябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдында арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 6-ноябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. БШК маалымдагандай, бул жарандардын аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүүгө багытталган. Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустук борборлорунда аралыктан добуш берүүгө арыздар кабыл алынып жатат. Бул үчүн атайын уюштурулган пункттарда, жети КТБда, 10 ЖОЖдо жана 10 […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 237 айдоочу аныкталды

Кыргызтанда 21-октябрдан 27-октябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 18 мин 682 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 555; мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 237; авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 51; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – […]Читать далее

Экономика

Быйыл Ысык-Көл жана Чүй облустарында картошканын түшүмү мол болду

28-октябрга карата республика боюнча дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жалпы 622 миң гектар, же 93,2 % аянтта жүргүзүлдү. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул өткөн жылга салыштырмалуу 81,9 миң гектарга көп. Буудай 236,3 миң га аянтта (98,2%) жыйналды, бул өткөн жылга караганда 33,6 миң га көп. Айрыкча, Чүй, Талас жана Ысык-Көл […]Читать далее

Экономика

Жыл башынан бери Кыргызстанда 529 чакырым жол асфальтталды

2024-жылга чейин жалпысынан 1058 чакырым жолду оңдоо жана 700 чакырым жолду асфальттоо пландалган. Бул тууралуу КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясында Экономика, анализ жана стратегиялык пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы Алмаз Дүйшөбаев билдирди. Анын айтымында, 9 айдын жыйынтыгы боюнча республика боюнча 529 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Анын ичинен бюджеттин эсебинен 439,3 км (91%), инвестициялык долбоорлор аркылуу 89,7 […]Читать далее

Экономика

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 35 чакырымы бүткөрүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде бүгүн 9 айдын жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму өттү. Министрликтин Экономика, анализдөө жана стратегиялык пландоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Дүйшөбаев жаңы темир жол линияларын куруу долбоорун ишке ашыруу жана ички темир жол тармактарын өнүктүрүү боюнча маалыматтар менен тааныштырды. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Балыкчы – Кочкор темир жолун куруу иштери кызуу жүрүүдө. Азыркы учурда […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда 2025-жылы пенсияны 7%га көтөрүү пландалууда

Социалдык фонд 2025-жылы пенсияны 7%га көтөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу Соцфондун башчысы Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде билдирди. Анын айтымында, бюджетте пенсияны жыл сайын жогорулатуу каралган. “Жалпы бюджет 1 млрд 2 млн сомду түзөт”, – деди ал. Алиев кошумчалагандай, жогорулатуу пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө гана тиешелүү.   Булак “Кабар” агенттигиЧитать далее

Экономика

Кыргызстандык компания Кытайга 22 миң даана бөтөлкө шарап экспорттоду

Кыргызстандык компания Кытайга 22 миң даана бөтөлкө шарап экспорттоду. Айыл чарба министрлигиненбилдиришкендей, 2024-жылдын жай мзгилинде Кыргызстандын «Аталык групп» компаниясы Кытай тарап менен Кытайдын аймагына спирт ичимдиктерин жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Тандоо “Кагор Черные глаза” шарабына туура келген. Анткени ал ичимдиктин ширин келип, спирттин өлчөмү бираз жогорураак экендиги белгиленген. Жакында Кытайга Кыргызстандан 22 миң даана бөтөлкө […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстан Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизди

Кыргызстан Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Кытай — Борбордук Азия” 11-кызматташтык форумунун алкагында Кытайдын Элдик саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин төрагасынын орун басары, Бүткүл кытайлык аялдар федерациясынын төрайымы Шэнь Юэюэ менен болгон жолугушууда билдирди. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын […]Читать далее