“Айыл чарбасын каржылоо -12” долбоорунун алкагында 31-октябрга карата 10 миң 466 дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, насыянын жалпы суммасы 4 млрд 153 млн 820 миң сомду түзөт. Анын ичинен: Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 462 млн 640 миң сомго 1 399 насыя берилди, […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги XI саммити өтөт. Алдыдагы Саммиттин темасы – “Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук” болмокчу. Бул тууралуу КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Өлкөлөрдүн лидерлери ТМУнун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашат, Уюмдун […]Читать далее
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 5-ноябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Алдыдагы сапардын алкагында Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири маселелерин талкуулашат. Сапардын жыйынтыгы боюнча кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого […]Читать далее
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-ноябрда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымакиев билдирди. “Алдыдагы сапардын алкагында Кыргызстан менен Түркиянын мамлекет башчыларынын тар форматтагы сүйлөшүүлөрүн, ошондой эле эки мамлекет башчыларынын төрагалыгы алдында Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүү пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк өз ара […]Читать далее
Жумгалда мал кайтарып кетип дайынсыз болуп жаткандарды издөө иштери бүгүн 07:45те башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен ӨКМден жана ИИМден 81 кызматкер, жергиликтүү жарандар менен жалпы 114 адам жана 6 дрон тартылды. Издөө иштери жеринде министрдин орун басары Урмат Шамыркановдун жетекчилигинде жүрүүдө. Белгилей кетсек, 2024-жылдын 16-октябрь күнү ата-бала […]Читать далее
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Кара-Суу районунда эк үй бүлө төрөлгөн үч эмдерден кабар алды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Алгач, Камчыбек Ташиев Кара-Суу төрөт үйүнө барып, ал жерде 27-октябрда төрөлгөн 3 эмди көрдү. Үч эмдин ата-энеси Мырза Кыргызбаев жана Айжаркын Кыргызбаевалардын үй-бүлөсүнө өлкө башчысы Садыр […]Читать далее
Акылбек Жапаров Орок айылындагы оюн-зоок паркынын жана стадиондун курулушу менен
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарына жакын жайгашкан Орок айылында бир катар объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Анда, аквапаркы бар оюн-зоок паркын куруу долбоору менен таанышты. Парктын жалпы аянты 10 гектарды түзөт. Белгилей кетсек, оюн-зоок паркынын жанында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан көп кабаттуу турак жай комплекси курулуп, жалпы билим берүү мекемеси менен […]Читать далее
Нурлан Мотуев улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Нурлан Мотуев социалдык тармактагы баракчасына видео чыгарып, анда Кыргызстандагы бир улуттун өкүлдөрүнө карата жаман сөздөрдү айтып, улуттар аралык кастыкты козуткан. Ал видео боюнча экспертиза дайындалып, анын сөздөрүндө улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар деген жыйынтык чыккан. Аталган […]Читать далее
Бүгүн Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөөгө 106 адам жана 9 дрон тартылып, издөө иши 07:00дө башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Анын ичинде ӨКМден 60 кызматкер 6 дрон, Ички иштер министрлигинен 20 кызматкер 3 дрон жана жергиликтүү тургундардан 26 жаран болуп, жалпы 106 адам, 9 дрон 22 топко бөлүнүп издөө иштерине чыгышты. […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун аймагында 30-октябрь саат 21:07де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Чарбак айылынан түштүк-чыгышка карай 5 чакырым, Көк-Алма айылынан түштүккө карай 6 чакырым, Кады айылынан батышка карай 7 чакырым, Көк-Жаңгак шаарынан түндүк-батышка карай 25 чакырым жана Жалал-Абад шаарынан түндүк-чыгышка карай 35 чакырым аралыкта […]Читать далее