Президент

Садыр Жапаров Казакстан парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошановду кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, өлкөгө расмий сапар менен келген Казакстан парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошановду кабыл алды. Мамлекет башчысы Ерлан Кошанов менен кыргыз жергесинде салам алышып жатып, бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер тереңдеп, практикалык мааниге ээ болуп жатканын, ал эми мамлекеттер аралык саясий диалог бардык деңгээлде активдүү өнүгүп жатканын белгиледи. Садыр Жапаров […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда 12 жылдык жалпы билим берүүгө өтүү концепциясы бекитилди

КР министрлер кабинети 2024-жылдын 30-октябрындагы № 654 токтому менен Кыргызстанды 12 жылдык жалпы билим системасына өткөрүү жөнүндө концепцияны бекитти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, бул документ мектептик окутууну Кыргызстандын алдында турган чакырыктарга жана замандын талаптарына ыңгайлаштырууга багытталган өлкөнүн билим берүү системасында негизги өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө негиз болуп берет. 12 жылдык окууга […]Читать далее

Президент

Бишкекте Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн, 1-ноябрда, Бишкектеги “Ала-Тоо” борбордук аянтында Кыргызстандын президенти – Куралдуу Күчтөрдүн башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракеси белгиленди. Иш-чара 1924-2024-жылдар аралыгында ата мекендик милициянын калыптануу жолун чагылдырган даректүү тасма жана театралдаштырылган ретро-оюн көрсөтүү менен башталды. Салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө орун алып жаткан өзгөрүүлөр менен жаңы […]Читать далее

Коом

Дайырбек Орунбеков соцтармактардагы президентти каралоолорго жооп берди

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жазып, анда бир эле учурда пайда болгон президентти жана анын жакындарын каралоолорго комментарий берди. “Эки күндөн бери президент жана анын жакындарына каралоо болуп жатканын сиздер дагы көрүп жатсаңыздар керек. Алар камакта жаткан Мелис Аспеков, өлкөдөн чыгарылган журналист Болот Темиров, качып жүргөн Тилекмат […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда 10 айда 237,1 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн

2024-жылдын январь-октябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы 237 млрд 158 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 37 млрд 219,4 млн сомго көп.   Салык кызматынан билдиришкендей, анын ичинде 176 млрд 893,3 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 101,3%га же 2,3 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу […]Читать далее

Экономика

Мамлекеттик ипоткалык компания уставдык капиталын 3,5 млрд сомго көбөйттү

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК уставдык капиталын 3,5 млрд сомго көбөйтүүнү чечти. Мындай чечим акционерлердин 29-октябрдагы жыйынында кабыл алынганын Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.   Документте 3 млрд 503,8 млн сом “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКтын жөнөкөй акцияларынын кезектеги чыгарылышын каттоо жана жайгаштыруу жолу менен жүгүртүүдөгү жөнөкөй акциялардын санын көбөйтүүгө жумшала тургандыгы айтылат:   Ошондой эле жыйында “Мамлекеттик […]Читать далее

Экономика

Чүй облусундагы Шамшы дарыясына чакан ГЭС курулат

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Чүй облусундагы Шамшы дарыясына чакан ГЭС куруу долбоорун каржылоо боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, кубаттуулугу 1,7 МВт болгон жаңы Шамшы ГЭСи жылына 10 млн кВт/саат электр энергиясын кошумча иштеп чыгууну камсыз кылуу менен Чүй облусунун муктаждыгынын 10%ын камсыздайт.   Аталган фонддун […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров ИИМдин өздүк курамын Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы менен

Кыргыз Республикасынын Президенти – Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, Бишкек шаарында Борбордук “Ала-Тоо” аянтында өткөн салтанаттуу иш-чарада Ички иштер министрлигинин өздүк курамын Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы менен куттуктады.   Мамлекет башчысынын куттуктоосу:   “Урматтуу генералдар, офицерлер, прапорщиктер, сержанттар жана милициянын кадырлуу ардагерлери!   Урматтуу мекендештер жана бүгүнкү салтанаттын ардактуу меймандары!   Биз […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК: Өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат ташыган эл аралык баңги тобунун

Өзгөчө ири өлчөмдөгү метамфетамин – баңгизатын ташуу менен алектенген эл аралык баңгизат тобунун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.   Атайын кызмат тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин көмөгү менен эл аралык наркоканалга бөгөт коюуга багытталган ыкчам иш – чаралардын жүрүшүндө Пакистан – Афганистан – Өзбекстан – Кыргызстан маршруту боюнча метамфетамин-баңги каражаттарын […]Читать далее

Экономика

Жыл башынан бери Ош облусунда 11,5 млрд сомдук инвестиция өздөштүрүлдү

Жыл башынан бери Ош облусунда 11,5 млрд сомдук инвестиция өздөштүрүлдү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында облустун 9 айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйында айтылды.   Мындай көрсөткүч былтыркы жылдын деңгээлине салыштырмалуу 181,4 пайызды түздү. Инвестициялык көрсөткүч облустун бардык райондорунда байкалды.Читать далее