Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Эр-Рияд шаарына (Сауд Аравия Королдугу) болгон иш сапарынын алкагында Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушту. Мындан ары кызматташууну тереңдетүү маселелери, ошондой эле Кыргызстандагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды. Мамлекет башчысы Фонддун ар кыл тармактардагы долбоорлорду каржылоого активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты – жумуш берүүчү жана кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдар тарабынан кызматкердин алдындагы жоопкерчиликти камсыздандыруу боюнча милдеттерди аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликти киргизүү болуп эсептелет. Кабыл алынган […]Читать далее
Кыргызстанда 13-14-ноябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, 13-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, 14-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы […]Читать далее
Бүгүн Жумгал районунун Өрнөк айылында ата-баланы издөө иштери саат 9:28де башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, издөө ишине ӨКМден 5 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 18 адам, жалпы 33 адам жана 4 рация, 2 дүрбү, 1 куткаруу унаасы тартылды. Издөө иштери Кызыл-Коргон (Өрнөк) айылынын этегинен баштап, аскер көпүрөсүнө чейин […]Читать далее
Баткен облусунун 2024-жылдын 9-айы ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жыйынтыктаган коллегия болуп өттү. Коллегияда маалым болгондой, 2024-жылдын январь-сентябрь айында өнөр-жай ишканалары тарабынан 5573,9 млн сомдук продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 112,3% түздү, айыл-чарбасы 20813,7 млн. сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 98,0 % түздү. – 50гө жакын көмүр өндүрүүчү ишканалар тарабынан 648,8 миң тонна […]Читать далее
Кыргызстанда 4-ноябрдан 10-ноябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 14 миң 382 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 389 ; мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 200; авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 36; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол […]Читать далее
Пакистандын Кветта шаарында болгон терактта каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Кветта шаарында жүргөн кыргызстандыктар менен туруктуу байланышта. “Пакистанда жүргөн Кыргызстандын жарандары зарыл болгон учурда жардам же консультация алуу үчүн Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин ыкчам байланыш телефон аркылуу кайрылса болот: +923303717771 жана +923350802525”, – […]Читать далее
Акыркы учурда социалдык тармакта өлкө башчысын каралоого аракет кылган айрым маалыматтар тарап жатат. “Кабар” агенттиги президентке суроо узатып, бул тууралуу оюн укту. — Саламатсызбы, урматтуу Садыр Нургожоевич буга чейинки маектериңизде биз сөз кыла турган адамдарга эч көңүл бурбайм жана жооп да бербейм дедиңиз эле. Бирок акыркы убакта болбой эле соцтармакта ар кыл талкуулар жүрүп […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, иш сапары менен Эр-Рияд шаарына (Сауд Аравия Королдугу) келди. Мамлекет башчысынын борту Эр-Рияд шаарынын Король Халид атындагы эл аралык аэропортуна конду. Учактан түшө беришинде килем төшөлүп, Ардак кароолдун ротасы тизилди. Президент Садыр Жапаровду Эр-Рияд провинциясынын губернаторунун орун басары Мухаммад бин Абдурахман аль Сауд жана башка […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, иш сапары менен Сауд Аравия Королдугуна (Эр-Рияд шаары) кезексиз Биргелешкен араб-ислам саммитине катышуу үчүн жөнөп кетти. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар: – тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; – Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев; – Кыргызстандын Сауд Аравия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым […]Читать далее