Добуштарды сатып алуунун кереги жок, деди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Жогорку Кеңеште республикалык бюджетти кароо учурунда. Ал белгилегендей, мамлекет тарабынан шайлоону ачык өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. “Мен бардыгына, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлерге кайрылат элем, эгер кайсы бир партияга үгүт иштерин жүргүзсөңөр жоопкерчиликке тартыласыңар. Каалаганыңызга добуш бериңиз, бирок үгүт жүргүзбөңүз. Мындан […]Читать далее
Күн мурун Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Эл аралык иштер боюнча комиссиясынын төрагасы Фуат Октай менен жолукту. Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын 2024-жылдын 4-5-ноябрында Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын, ошондой эле 6-ноябрда Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын саммитинин жыйынтыктарын талкуулашты. Ошондой Кыргызстан менен […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин отчету каралган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеишинин жалпы жыйынында сүйлөп жатып энергетика тармагында аткарылган жана алдыдагы иштер тууралуу баяндама берди. Анда МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров, 2024-жылы кубаттуулугу 48,3 МВт болгон чакан ГЭСтер ишке киргизилгенин, CASA-1000 долбоору бүткөрүлгөнүн, күн жана шамал станциялары боюнча долбоорлордун […]Читать далее
Кумтөр долбоорунун мамлекетке өтүшүнөн улам толук эмес 3 жылдын ичинде Кумтөрдүн таза кирешеси 1 млрд 77 млн доллардан ашты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы, 2024-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” Кыргыз […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында сүйлөп жатып, жылдын аягына чейин ачыла турган ишкананын саны 150дөн ашаарын, жалпы инвестиция көлөмү 2,2 млрд долларын түзүп, 19 миң жаңы жумуш орундары түзүлөөрүн билдирди. “Тармактар боюнча жаңы ишканаларды айтсам: иштетүү өнөр жайы – 124 […]Читать далее
МинКаб башчысы транспорт коридорлорун жана авиацияны өнүктүрүү перспективаларына токтолду
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы- Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында транспорт коридорлорун жана авиацияны өнүктүрүүнүн келечегине токтолду. Анын айтымында, 3 жыл аралыгында республика боюнча жалпы пайдалануудагы 2399,5 чакырым жол оңдолуп, анын ичинде алыскы айылдардагы жолдорду ремонттоо иштери жүргүзүлдү. Министрлер кабинетинин башчысы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруунун келечегин белгиледи. Июнь […]Читать далее
ЖКККББ чет өлкөлүк номурлуу унааларды сатып алууда сак болууга чакырат. ЖКККББнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, акыркы учурларда Армения, Авхазия, Россия өңдүү чет өлкөдөн Кыргыз Республикасынын аймагына унаалардын тетиктери бөлүк-бөлүк болуп кирип, (кыймылдаткычы башка, дөңгөлөктөрү, кузовтору жана башка тетиктери) бул жактан кайра даяр унаа болуп куралып, сатыкка чыккан учурлары аныкталган. Эч кандай чек арадан, бажыдын […]Читать далее
«Акыркы жылдары капиталдык салымдардын көлөмү кыйла өстү. Эгерде 2020-жылы 24,5 миллиард сом болсо, 2024-жылы дээрлик 4 эсеге өсүп, 92 миллиард сомго жеткен. Анын ичинен 2024-жылы капиталдык курулушка 33,2 млрд сом бөлүндү, бул 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик 11 эсеге көп», – деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “КР Жогорку технологиялар паркы жөнүндө” КР мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Бул мыйзам 2024-жылдын 2-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам инвестициялык климатты жакшыртуу жана Жогорку технологиялар паркын өнүктүрүү максатында иштелип чыккан. Сунушталган […]Читать далее
МинКаб башчысы: 2024-жылга консолидацияланган бюджеттин ресурстары 686,9 миллиард сом көлөмүндө
2024-жылга консолидацияланган бюджеттин ресурстары 686,9 млрд сомду түзөрү күтүлүүдө, бул пландалгандан 84,8 млрд сомго көп. Бул тууралуу “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” Мыйзамдын долбоору каралган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин отчету боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын […]Читать далее