Экономика

Кыргызстанда 10,6 миңден ашык дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди

Кыргызстанда “Айыл чарбасын каржылоо -12” долбоору боюнча 14-ноябрга карата 10 миң 609 дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, насыялоонун жалпы көлөмү 4 млрд 214 млн 630 миң сомду түздү.   Ошентип, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 468 млн 140 миң сомго 1 413 насыя берилди, […]Читать далее

Экономика

Улуттук банк валюта рыногуна дээрлик $70 млн сатты

Кыргызстандын Улуттук банкы 14-ноябрда валюта рыногуна 68,65 млн доллар сатты.   Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына ылайык, анын ичинен 39,7 млн доллары бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү менен, ал эми 28,95 млн доллары бүтүм жасалган күндөн башка күндөгү эсептешүү менен сатылган.   Бул бир айдагы экинчи интервенция болду, буга чейин Улуттук банк 5-ноябрда валюта рыногуна 62,4 […]Читать далее

Спорт

Футбол: Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттарына утулду

2026-жылкы дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундунун алкагында өткөн беттеште 3:0 эсеби менен Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстандын командасын утту.   Беттеш БАЭнин Абу-Даби шаарындагы “Мухаммад ибн Заед” стадионунда өтүп, 14-ноябрда Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталган.   Беттешке даярдык көрүү максатында, Кыргызстандын курамасы буга чейин алты күн бою Катардын Доха шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрдү.   Белгилей кетсек, […]Читать далее

Коом

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Социал-демократтар” партиясын шайлоодон четтетти

“Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө” мыйзамын бузгандыгы үчүн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына “Социал-демократтар” саясий партиясынын талапкерлерин каттоо жокко чыгарылды. Мындай чечим Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадыр Коңуров “Кабар” агенттигине билдирди.   Анын айтымында, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан маалымат […]Читать далее

Укук тартиби

Добуш сатып алууга шектелип “Социал-Демократ” партиясынын мүчөлөрү кармалды

Добуш сатып алууга шектелип “Социал-Демократ” саясий партиясынын бир катар мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматта белгиленгендей, жергиликтүү кеңештердин депутаттарына талапкерлерди шайлоо үчүн шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектелип “Социал-Демократ” саясий партиясынын лидери жана бир катар мүчөлөрү кармалды.   Буга чейин социалдык тармактарда жогоруда аты аталган партиянын […]Читать далее

Аймак

Нарында айыл чарба кластерлерин жана ишкердикти өнүктүрүүгө 2% үстөк менен

Нарын облусунда айыл чарба кластерлерин, жеке ишкердикти өнүктүрүү, кайра иштетүү, өндүрүш ишканаларын колдоо багытында 2025-жыл үчүн облустук “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунан 450 миллион сом бөлүндү. Бул тууралүу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымады.   Ишкердик ачам деген облус тургундары, айрыкча дыйкан, фермерлер долбоор жазып, 2 пайыз үстөк менен 10 жылдык […]Читать далее

Аймак

Алманын кирешесин арттыруу үчүн аймакта тийиштүү шарттар түзүлгөн

Баткен облусу боюнча жалпы 2465 га алма бак бар. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Быйылкы алынган түшүм 17420,9 тоннаны түздү. Бүгүнкү күндө ички базарларда 1 кг алма 25-30 сомдон, жерге түшкөн майда алмалар 1,5-2 сомдон сатылууда.   2692 тонна алма, 1 кг 50 сомдун тегерегинде Россия, Казакстан […]Читать далее

Кырсык

Жумгалда мал кайтарууга кетип, дайынсыз болуп жаткан жарандын сөөгү табылды

Кинология борборунун кызматкерлери тарабынан Жумгал районунда мал кайтарууга кетип, дайынсыз болуп 1 айдан бери изделип жаткан 46 жаштагы К.Б. аттуу жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрында Жумгал районунун аймагында Кинология борборунун кызматкерлери кызматтык-издөө иттери менен издөө иштерине тартылган. Анын алкагында иттердин жардамы менен жоголгон жарандын сөөгү Көкөмерен […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров: Биздин улуттук лидерибиз Кыргызстанда дүйнөнүн жогорку өнүккөн 30

“Биздин улуттук лидерибиз Кыргызстанда дүйнөнүн жогорку өнүккөн отуз өлкөсүнүн катарына кирүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар деп эсептейт. Мен анын Министрлер Кабинетинин башчысы жана Президенттин Администрациясынын жетекчиси катары бул улуу улуттук кыялдын ишке ашаарына ишенгенимди билдирем”-деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште жасаган баяндамасында. МинКаб башчысы белгилегендей, Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында, жалпы жакшы […]Читать далее

Коом

Эмгек министрлиги 1-январдан 7-январга чейин эс алуу күндөрү деп жарыялоону

Эмгек министрлиги 1-январдан 7-январга чейин эс алуу күндөрү деп жарыялоону сунуштады. Министрлер кабинетинин тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документке ылайык, долбоор менен беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерине 2025-жылдын 1-январынан 7-январына чейин узак дем алыш күндөрүн белгилөө, ошондой эле 2025-жылдын 2-майы дем […]Читать далее