Министрлер кабинети

Данияр Амангелдиев: ЕАЭБ экономикасы катышуучу өлкөлөрдүн күч-аракеттеринин синергетикасынын аркасында өстү

Петербург Эл аралык экономикалык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев эркин баарлашуу форматында өткөн “ЕАЭБ экономикасынын реалдуу секторунун синергетикасы заманбап чакырыктарга жооп катары” сессиясында сөз сүйлөдү.   Данияр Амангелдиев форумдун катышуучуларын куттуктап, уюштуруучуларга иш-чараны жогорку деңгээлде даярдагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Евразиялык экономикалык биримдиктин түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгын өзгөчө белгилеп, […]Читать далее

Министрлер кабинети

Эдил Байсалов Украинанын Элчисин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Украинанын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Валерий Жовтенкону кабыл алды.   Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-украин кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча пикир алышты.   Эдил Байсалов Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын жана эл аралык укуктун фундаменталдык принциптерине берилгендигин […]Читать далее

Министрлер кабинети

Эдил Байсалов Түркиянын Элчисин кабыл алды

Кыргыз Республикасындагы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемал Окемди кабыл алды.   Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат жана санариптештирүү тармактарындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алышты.   Эдил Байсалов Түркия Республикасынын туруктуу […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстан менен Татарстан 2025-2027-жылдарга кызматташуу боюнча “жол картасына” кол коюшту

Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиевдин Татарстан Республикасынын (Россия Федерациясы) Раиси Рустам Минниханов менен жолугушуусу болду.   Данияр Амангельдиев Рустам Миннихановго Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан жылуу саламдашуу сөздөрүн жана эң жакшы каалоолорун жеткирип, кыргыз-россиялык стратегиялык өнөктөштүк духунда Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы кызматташтыктын динамикалуу […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев Кытайдын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисин кабыл

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпинди кабыл алды. Министрлер Кабинетинин башчысы Кытай Эл Республикасы Кыргыз Республикасынын негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгилеп, өз ара сыйлашуу, ишеним жана коңшулаштык принциптеринде өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө умтуларын белгиледи. Өз кезегинде Атайын […]Читать далее

Коом

Учурда өлкө аймагында жалпы 362 соцобъект курулууда

Учурда өлкө аймагында жалпы 362 социалдык объект курулууда. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу билдирди. Анын айтымында, аталган объекттердин курулуш иштерине быйыл мамлекеттик бюджеттен 9 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөн . “Бул абдан жакшы көрсөткүч. Аймактарга бөлүп карай турган болсок: Чүй облусунда – […]Читать далее

Экономика

Кыргызстан менен Кореянын ортосунда $46 млн инвестициялык меморандумга кол коюлду

Кыргызстан менен Кореянын ортосунда 46 млн долларлык инвестициялык меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кызматташтуу тууралуу меморандум “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коому менен Кореянын DOD компаниясынын ортосунда түзүлдү. Меморандумга ылайык, көп функционалдуу агроөнөр жай комплекси курулат. Максаты эт азыктарын өндүрүү, кайра иштетүү жана […]Читать далее

Аймак

Бишкек – Ош унаа жолуна 750 метрлик туннелдин курулушуна старт

Бүгүн Бишкек – Ош унаа жолунда 750 метрлик туннелдин курулушуна старт берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Иш-чарага транспорт министри Абсаттар Сыргабаев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года, JICA`нын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Котаро Нишигата, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров жана жергиликтүү тургундар катышты. Министр Абсаттар Сыргабаев узундугу 750 […]Читать далее

Коом

Технопаркта 3,5 миң ноутбук мугалимдерге берүүгө даярдалууда

Технопаркта мугалимдерге берүү үчүн 3,5 миң ноутбук даярдалууда. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркка барган учурда белгилүү болду. Ведомствонун маалыматына караганда, анда министр мугалимдерге берилүүчү ноутбуктарды чогултуу процессине күбө болду. КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев министрди аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен тааныштырды. Технопарктын директору Касымбек Келебаевдин […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын жылдык отчетун жактырды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы иши жөнүндө отчету угулду. Аталган маселе боюнча Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов баяндама жасап, 2024-жылы аткарылган иштерге, мамлекеттик органдарда жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктарына токтолду. Талкуу маалында депутат Камила Талиева жыл сайын мамлекеттик органдарда, айрыкча министрликтер менен айыл өкмөттөрүндө бир эле мүнөздөгү каржылык мыйзам бузуулар аныкталып жатканын айтып, каржылык тартипти бузган […]Читать далее