Экономика

Баткенден Россия жана Казакстанга кулпунай эскпорттоло баштады

Баткенден Россия жана Казакстанга кулпунай эскпорттоло баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кадамжай районундагы Актурпак айыл аймагындагы “Кызыл Алтын” айыл чарба кооперативи 7 га жер аянтын иштетет, анда жалпысынан 14 киши эмгектенет. Быйылкы жылы 4 гектарга  өстүрүлгөн “клера” сортундагы кулпунайдан гектарынан 30 тоннага чейин түшүм […]Читать далее

Саясат

Кыргыз-словак кызматташтыгы: Маанилүү документтерге кол коюлду

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин расмий сапар менен Кыргызстанга келген Словакиянын тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланар менен жолугушуусу өттү. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана мындан аркы өнүгүү келечеги, ошондой эле күн тартибиндеги эл аралык маселелер талкууланды. Жээнбек Кулубаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан саясий, экономикалык жана социалдык реформалар тууралуу […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин төрагасы Словакиянын тышкы иштер министри менен жолугушту

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Словакиянын тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланар менен жолугушту. Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Словакиянын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык өнөктөштүктү тереңдетүү тууралуу да сөз болду. Төрага эки элди эгемендик алгандан берки дипломатиялык алакалар эле эмес, узак жылдарды камтыган тарыхый байланыштар жакындатып турарын […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

ЖК төрагасы ЕККУ ПАнын Борбор Азия боюнча атайын өкүлүн кабыл

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Фара Каримини кабыл алды. Жолугушууга Казакстандын парламентинин Сенатынын депутаты Айнур Аргынбекова да катышты. Анда Кыргызстан менен Европа мамлекеттеринин кызматташтыгын арттыруу маселелери талкууланып, анын ичинен Жогорку Кеңеш менен ЕККУ ПАнын ортосундагы өнөктөштүктү өрчүтүү тууралуу […]Читать далее

Коом

Куланак ГЭСи 2026-жылы ишке кирет

“Нарын” өндүрүштүк ишканасы” ЖЧКсы орнотулган кубаттуулугу 100 МВт болгон “Куланак” ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууда. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, курулуш аянты Нарын шаарынан 40 чакырым батышты карай, Нарын жана Ат-Башы дарыяларынын кошулган жеринен 0,8 чакырым төмөн жагында жайгашкан. Нарын дарыясынын гидропотенциалын максималдуу пайдалануу жана суу астында калуучу аймакты азайтуу максатында гидротехникалык курулуштардын төмөнкүдөй түзүлүшү каралган: дамба; […]Читать далее

Экономика

«Кумтөр Голд Компанин» 2024-жылдагы жалпы кирешеси $989 млн ашты

«Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу өттү. Жыйында «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча отчету каралып, кабыл алынды. «Кумтөр Голд Компанинин» башкармалыгынын төрагасы Бузурман Субанов билдиргендей, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча алтынды сатуудан түшкөн киреше пландалган 739,3 млн доллардын ордуна, 989,1 млн долларды түздү. «Өткөн жылы Кумтөр кен жайындагы тоо-кен иштеринин […]Читать далее

Аймак

Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоо иштери башталды

Бүгүн “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза” долбоорунун курулушуна старт берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Иш-чарага транспорт министри Абсаттар Сыргабаев, президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев, Талас шаарынын мэри, Талас облусундагы райондордун мамлекеттик администрациясынын башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты. Сыргабаев долбоор ийгиликтүү ишке ашып, элге кызмат кылуусун каалап, төмөнкүлөргө […]Читать далее

Экономика

Кара-Сууда 372 литр акциздик маркасы жок мотор майы аныкталды

Салык кызматынын кызматкерлери Кара-Суу районунан 372 литр маркасы жок мотор майын аныкташты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салыктык текшерүүнүн алкагында Шарк айылында жайгашкан “Г-О” унаа майларын алмаштыруу станциясына текшерүү жүргүзүштү. Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы суммасы 67 935 сомду түзгөн, акциздик маркасы жок 372,8 литр мотор майы аныкталып, алынды. Жогорудагы фактынын негизинде жеринде […]Читать далее

Коом

Сүйүнбек Касмамбетов жаштарга арналган илимий-практикалык конференцияга катышты

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов “Ала – Тоо” Эл аралык университетинде “Заманбап коомдо улуттук баалуулуктарды жана маданиятты өнүктүрүүдө жаштардын ролу» аттуу II Республикалык илимий-практикалык конференцияга катышты. Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер» аттуу жаңы доктринанын маанилүүлүгүн баса белгилеп, студенттерге ата-бабалардан калган мурастарды сактоонун зарылдыгы тууралуу айтып берди. Секциялык жыйындардын жүрүшүндө «Ала-Тоо» Эл аралык […]Читать далее

Саясат

Кыргыз-эстон мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды

Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Эстониянын Кыргызстандагы элчиси Яап Ора менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана санариптик чөйрөлөрдө кыргыз-эстон мамилелерин өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду. Сүйлөшүү учурунда ТИМдер аралык саясий консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүү жана […]Читать далее