Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу КМШ ПААнын 58-пленардык жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 58-пленардык жыйынына катышты. Жыйында парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан сунуш-пикирлер айтылып, бир катар моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралды. Анын ичинен билим берүү, айыл чарба тармактарына тиешелүү кодекстердин, салык саясатын жана жасалма […]Читать далее

Аймак

Нарындагы Калмак-Ашуусу апрель айында ачылат

Нарындагы Калмак ашуусу апрель айында ачылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Учурда Сары-Булак – Соң-Көл унаа жолунун 37-42-чакырымдар аралыгында кар көчкү жана кар күрткү тазалоо иштери жүрүүдө.Жумуштар аймакты караган № 14 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Тазалоо иштерине 1 даана жүктөгүч жана 1 даана манипулятор тартылган. Бүгүнкү күндө жолдун 37-чакырымында […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Санкт-Петербург шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Россия Федерациясындагы иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарындагы «Мекен – эне» монументине гүлчамбар коюу аземине катышты. Төрага Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерип, Ленинград шаарын коргоого катышкан кыргызстандык жоокерлерге арналган эскерүү тактасына да гүл койду. Кошумчалай кетсек, бүгүн Санкт-Петербург шаарындагы […]Читать далее

Коом

Кубанычбек Бөкөнтаев Россияда ур-токмокко кабылган кыргызстандыктардын ишин адилеттүү кароону суранды

Күн мурун элчи Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Россиянын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиясынын тең төрагасы – Мамлекеттик Думанын депутаты Дмитрий Кобылкин менен жолугушту. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын жарандарынын Россияда жүрүүсүнүн миграциялык чөйрөдөгү жаңы мыйзам демилгелеринин контекстиндеги актуалдуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушту. Элчи Бөкөнтаев 11-апрелдеги Москва шаарындагы […]Читать далее

Экономика

Былтыр финансы секторунун уюмдарынын пайдасы эки эсе көбөйдү

2024-жылы экономиканын финансы секторунда 626 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 21 коммерциялык банк, 586 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм, 16 камсыздандыруу компаниясы жана эки инвестициялык фонд ишмердигин жүргүзүштү. 2024-жылы экономиканын финансы секторундагы уюмдардын кирешелеринин көлөмү 2023-жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйүп, дээрлик 199 млрд. сомго жетти, бул банк секторунун кирешелеринин өсүүсү менен камсыздалды. Экономиканын финансы секторундагы уюмдардын […]Читать далее

Коом

Санариптештирүү иш жүзүндө: «Мой свет» тиркемесин 3 миллиондон ашык колдонуучулар

Акыркы жылдары Кыргызстанда энергетика тармагындагы санариптештирүү жана автоматташтыруу багыты активдүү ишке ашырылып жатат. Бул жааттагы негизги жетишкендиктердин бири – керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү жана электр энергиясы менен камсыздоону санариптештирүү максатында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы тарабынан ишке киргизилген «Мой Свет» мобилдик тиркемеси болуп саналат. «Мой свет» тиркемесин тиричилик керектөөчүлөр колдонушат жана электр энергиясы менен камсыздоо кызматтарынын […]Читать далее

Аймак

Жалал-Абадда мыйзамсыз жер берүүдөн мамлекетке 297,4 млн сом зыян келтирилген

Жалал-Абадда мыйзамсыз жер берүү фактылары боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Базар-Коргон районундагы Акман (мурдагы Бешик-Жон) айыл өкмөтүндө жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргузүлгөн. Анын алкагында 2019–2022-жылдары турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүүдө туруктуу коррупциялык схема орун алып, мамлекетке 297,4 млн сомдон ашуун өзгөчө […]Читать далее

Министрлер кабинети

Данияр Амангелдиев Кыргызстанда инновацияларды жана ойлоп табууларды стимулдаштыруу боюнча конференцияга

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана инновациялык ишмердүүлүктү стимулдаштыруу жана активдештирүү” эл аралык конференциясына катышты. Данияр Амангелдиев өз сөзүндө Кыргызстан интеллектуалдык менчикти экономикалык өсүштүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуунун негизги фактору катары карап, өлкөнүн илимий жана чыгармачылык потенциалын активдештирүүгө умтулуп жатканын белгиледи. Ал интеллектуалдык менчикти коргоого өзгөчө […]Читать далее

Экономика

Салык кызматы айрым ишкерлерди Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруудан бошотту

2025-жылдын 16-апрелинен тартып Салык кызматы айрым жеке ишкерлерди жана патент менен иштеген жарандарды Бирдиктүү салык декларациясын (БСД) тапшыруудан бошотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди. Маалыматка ылайык, бошотуу төмөнкү жарандарга тиешелүү болот: – 0%, 0,1%, 0,5% жана 1% бирдиктүү салык ставкалары менен базарларда соода жана фермердик чарба […]Читать далее

Дүйнөдө

Шавкат Мирзиёев Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун маанисин

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кечээ Анжиян облусунда өткөргөн жыйында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун аймак үчүн өзгөчө мааниге ээ экендиги белгиленди, деп билдирет өлкө башчынын басма сөз кызматы. Анын айтымында, бул багыт жүктөрдү жеткирүү мөөнөтүн бир жумага кыскартып, аралыкты миң чакырымга чейин азайтат. Мамлекет башчысы темир жол ишке кирсе, ташуулар он эсеге чейин […]Читать далее