Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 45 шаардык кичи автобустук каттамдарды тейлеген транспорттук ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйындын жүрүшүндө коомдук транспортко спутниктик мониторинг системасынын бет ачары болду. “Бул системанын негизги максаты – шаардыктарга жана шаар конокторуна коомдук транспорт кызматтарын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана кичи автобустардын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раисиге Ирандагы суу ташкындарынын кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. «Иран Ислам Республикасынын көптөгөн аймактарын нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкындары бүлгүнгө учуратып, адам курмандыктарына алып келгендиги тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн […]Читать далее
“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын адистери Балтагулов көчөсүн бойлой 100 жылдык эски жыгач суу өткөргүчтү табышты. Бул борбор калаанын борбордук бөлүгүн ичүүчү суу менен камсыз кылган диаметри 300 мм болгон биринчи суу түтүгү болгон. Жыгач суу түтүк системасы 30 жылдан ашык кызмат кылган жана 60-жылдары алмаштырылган. 1929-жылы 9 километр узундуктагы биринчи суу түтүгү ишке киргизилип, ал шаарга […]Читать далее
2022-жылдын январь-июль айларында пенсия жана жөлөкпулга 31 млрд 875 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирет. Алсак: Бишкек шаары — 5 млрд 144,7 млн сом; Чуй облусу — 4 млрд 815,9 млн сом; Нарын облусу — 2 млрд 533,5 млн сом; Ысык-Көл облусу — 2 млрд 898,1 млн сом; Талас облусу […]Читать далее
Бишкекте оңдоп-түзөө иштеринен соң 4 көчө ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Кытайдын грантынын эсебинен “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында борбор калаанын Тимур Фрунзе, Ашар, Интергельпо жана Манас көчөлөрү оңдолду. Белгиленгендей, Тимур Фрунзе көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин узундугу 846 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 8 метр […]Читать далее
Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев менен жолугушту. Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ТҮРКСОЙго катышкан мамлекеттердин авторлор менен аткаруучуларынын маданий байланыштарын өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча Кыргызпатент менен ТҮРКСОЙдун ортосундагы кызматташуунун мындан аркы пландары тууралуу кеп кылышты. “Келечекте автордук жана чектеш укуктарды өнүктүрүүгө багытталган бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда, алар […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет. Бул чечимдин негизги максаты – өлкөнүн мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларынын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн материалдык жактан кызыктыруу жана шарттарды түзүү, ошондой эле жогорку квалификациялуу […]Читать далее
Бишкек мэриясында биринчи вице-мэр Мирланбек Байгончоковдун төрагалыгы алдында шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарында ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо маселеси талкууланды. Жыйындын катышуучуларына чарба субъекттерге муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана жер тилкелерин берүү бөлүгүндө ченемдик укуктук базаны өнүктүрүү маселесин карап чыгуу, ошондой эле инженердик инфраструктура […]Читать далее
2022-жылдын январь-июль айларында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 85 млрд 988,9 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Белгиленген план 1 млрд 349,4 млн сомго ашыгы менен чогултулган (101,6%га аткарылды). 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 30 млрд 442,1 млн сомго көп жыйналган (өсүү ыргагы 154,8%). Салык боюнча пландык көрсөткүчтөрдү ашыкча аткарууга салыктык […]Читать далее
Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Панфилов районунун тургундары менен жолугушууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, эл менен жолугушууда жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер, мыйзамсыз иш-аракеттер, коомчулукта орун алган көйгөйлөр тууралуу суроолорду беришти. Аталган маселелер тууралуу кайрылуулар жеринде кабыл алынып, көйгөйлөрүн ыкчам […]Читать далее