Кыргызпатенттин директору ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев менен жолугушту

 Кыргызпатенттин директору ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев менен жолугушту

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев менен жолугушту.

Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ТҮРКСОЙго катышкан мамлекеттердин авторлор менен аткаруучуларынын маданий байланыштарын өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча Кыргызпатент менен ТҮРКСОЙдун ортосундагы кызматташуунун мындан аркы пландары тууралуу кеп кылышты.

“Келечекте автордук жана чектеш укуктарды өнүктүрүүгө багытталган бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда, алар ТҮРКСОЙго катышкан өлкөлөрдүн ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту өнүктүрүүгө жана чыңдоого чоң салым кошууга жардам бермекчи”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост